Түлкү жана мергенчи ит
«Түлкү жана мергенчи ит» (англ. The Fox and the Hound) — Уолт Дисней студиясында Дэниел Манникстин романынын негизинде тартылган 24-чү толукметраждуу мультфильм. Бул Тед Берман менен Ричард Ричтин режиссерлорунун биринчи тасмасы. Мультфильм 1981-жылы 10-июлда АКШда бет ачары болуп өткөн.
Түлкү жана мергенчи ит
| |
англ. The Fox and the Hound | |
Түрү |
Тартылган |
---|---|
Жанры | |
Курактык чектөөсү |
0+ |
Сиквели |
«Түлкү жана мергенчи ит 2» (2006) |
Режиссёру | |
Продюсери |
Рон Миллер |
Сценарийдин автору |
Ted Berman, |
Негизинде |
Дэниел Пратт Мэнникстин «Түлкү жана мергенчи ит» романынын негизинде |
Композитору | |
Оператору |
Peter Anderson |
Студиясы | |
Өлкө | |
Дистрибьютору |
Buena Vista Distribution |
Тили | |
Узактыгы |
83 мүнөт |
Бет ачаары | |
Бюджети |
12 миллион $ |
Кирешеси |
63,5 миллион $ |
IMDb | |
Rotten Tomatoes |
m/fox_and_the_hound |
https://movies.disney.com/the-fox-and-the-hound | |
The Fox and the Hound |
2000-жылы 2-майда мультфильм DVD дисктеринде кайрадан чыккан, ал эми 2006-жылы Дисней студиясы «Түлкү жана мергенчи ит 2» атылышындагы мультфильмдин уландысын чыгарган.
Мультфильмдин бюджети 12 миллион АКШ долларын түзгөн. Көрсөтүүдөн түшкөн жалпы киреше 80 миллион АКШ долларынын ашкан. Мультфильмди көргөн көрүүчүлөрдүн саны 12 миллиондон көп адамды түзгөн.
Мазмуну
түзөтүүМультфильмдеги окуя Аппалачинин айыл жергесинде болот. Бачки энесин мергенчилер өлтүргөндөн кийин жетим калат. Боорукер Эне үкүнүн аракеттеринин артында, Твиддин жесиринин сүйүктүү жаныбары катары фермада жашап калат. Твиддин жесири бачкини Тод деп атайт. Ошол эле учурда, Твиддин жесиринин кошунасы Амос Слейд мергенчи үйүнө Коппер аттуу күчүктү алып келип, ага кам көрүүнү тажрыйбалуу Чиф аттуу мергенчи итке тапшырат. Тод менен Коппер бири-бири менен жолугушуп жана эки жаш жаныбар тез эле дос болуп калышат.
Амос Слейд бул жөнүндө билгенден кийин, Копперди байлап коет. Тод досун издеп, Слейддин фермасына барат. Этиятсыздыктан Тод Чиф менен Слейдди ойготуп алат жана алар аны кууп жөнөшөт. Твиддин жесири Тодду куткарып калат. Бирок ачуулу Слейд эгер түлкү фермасына кайра келсе өлтүрүп коём деп эскертет.
Аңчылык мезгилинин ачылышы менен Слейд иттерин аңчылыкка алып кетет. Эне үкү Тодго Коппер менен болгон достугу улана албасын, алар душман болуп жаралгандыктарын түшүндүрүүгө аракет кылат. Тод буга ишенүүдөн баш тартат.
Убакыт өткөндөн кийин Коппер мыкты аңчы итке, ал эми Тод сүйкүмдүү түлкүгө айланат. Коппер кайтып келгенде, ал досу менен жолугууга мүмкүнчүлүк алат, бирок Коппер ага мурунку достукту бааласа да, баары өзгөргөнүн билдирет. Чиф ойгонуп кетип Тодду куугунтук алардын ээсисиз башталбайт. Коппер ага тоскоолдук кылууга аракет кылат, бирок Чиф аңдып жүрөт. Поезд көпүрөсүндө Тод качып кетүүгө үлгүрөт, ал эми Чифа өтүп бара жаткан поездди кулатат. Тот көпүрөдөн кулап, арткы бутун жабыркатат.
Убакыттын өтүшү менен Коппер мыкты аңчы итке, ал эми Тод сүйкүмдүү түлкүгө айланат. Коппер кожоюну менен мергенчиликтен кайтып келгенде, ал түлкү досу Тод менен жолугууга мүмкүнчүлүк алат. Коппер ага мурунку достукту бааласа да, баары өзгөргөнүн билдирет. Ушул убакта уктап жаткан Чиф ойгонуп кетип, Тоддун артынан кубалап баштайт. Коппер Чифти токтото албай коет. Тод темир жол көпүрөсүнүн жанынан качып кетүүгө үлгүрөт, бирок Чифти поезд сүзүп, ал көпүрөдөн кулап түшүп арткы бутун жаралатып алат. Жараланган Чифти тапкан Коппер кылган ишине өкүнүп, Тоддон өч алууну чечет. Амос Слейд Твиддин жесирине келип, Тоддун айынан аз жерден иттин жоготуп алайын дегенин айтып жана түлкүнү өлтүрүүнү калаап жатканып билдирет.
Түлкүнүн өмүрүн сактоону максаттап, Тодду атайын корукка алып барып коё берет. Эне үкү Тоддун корукка көнүп жана ушул аймакта жашап кетүгө чоң жардамын берет. Ошондой эле аны Викси аттуу түлкү менен тааныштырат. Кийинчерээк Тод менен Виксинин ортосунда сүйүү пайда болот.
Коппер жана анын кожоюну Амос Слейд корукту курчап турган зымды мыйзамсыз кесип өтүшүп, Тодду таап өлтүрүүнү максатташат. Көп убакыт бою Тодду издеп жүргөн учурда аларга гризли аюусу кол салат. Слейд бул учурга чейин өзү коюп кеткен капканга түшүп буттунан жаракат алат. Коппер өзүнөн кыйла чоң аюудан утулуп жаткан учурда итке жардамга Тод келет. Тод аюуну жардын кырында асылып турган дөңгөчкө алдап алып барат жана дөңгөч жардын кырынан шаркыратмага кулайт. Шаркыратмага аюу менен Тод дагы кулашат. Аюуну таш басып калат, алдан тайыган эр жүрөк түлкүгө Коппер келет.
Байкоосуздан мылтыгын кармаган Амос Слейд пайда болуп, түлкүнү мээлеп аны атууга аракет кылып жаткан учурда Коппер Тодду өз денеси менен тоосуп коргоого аракет кылат. Куткаруучусун өлтүргөн туура эмес экендигин түшүнгөн Амос Слейд итти Коппер менен чогу үйүнө кайтып келет. Слейддин жарадар болгон буттун Твиддин жесири таңып берет.
Мультфильмдин аягында Тод менен Коппер бири-бири менен чогуу боло албаса дагы, алардын чыныгы достугу жүрөктөрүнү тереңинде каларын түшүнүшөт.
Тасманын тартылышы
түзөтүүБашкы мазмунун Дэниел Манникстин романына негизделген, бирок китептен башкы каармандардын аттары гана алынган. Китеп башынан аягына чейин кайгылуу окуяларга толгон жана анын аягы мультфильмге эч кандай окшоштугу жок. Китепте Тод куугунтуктан абдан чарчап өлөт, ал эми Копперди иттерди кармоого тыюу салынган карылар үйүнө барууну чечкен ээси тарабынан атып өлтүрүлөт. Мультфильмдеги Тод менен Коппердин ортосундагы достук болгон мазмунун китепте жазылган эмес.
Тасманын авторлорунун баштапкы ниети боюнча, китептеги сыяктуу эле Коппердин өч алуусу негиздүү болушу үчүн, Чиф поезддин соккусунан өлүшү керек болчу. Бирок, Стивенс сюжеттин мындай өнүгүшүнө каршы болгон жана Дисней командасы «Бэмби» тасмасынын жаралышындагы кайгылуу окуяны колдонуулушун кайталагысы келген эмес.
Үн коштогондор
түзөтүү- Микки Руни, Кит Митчеллт — Тод, Тод (бала чагы)
- Курт Рассел, Кори Фелдман — Коппер, Коппер (бала чагы)
- Перл Бэйли — Эне үкү
- Жек Альбертсон — Амос Слейд
- Сэнди Дункан — Викси
- Жанетт Нолан — Твидтин жесири
- Пэт Баттрам — Чиф
- Жон Фидлер — чүткөр
- Жон МакИнтайр — кашкулак
- Дик Бакальян — Динки
- Пол Уинчелл — Бумер
- «Сквикс» тобу — курт
- Брайан Каммингс — ат • бука • коңуз • кумурска (титрларда аты жазылган эмес)
Коомчулуктун тасмага көз карашы
түзөтүүМультфильм каржылык жактан ийгиликке жетишкенине карабастан[1], киносынчылардын жалпы реакциясы бирдей болгон эмес. Көпчүлүк сынчылар негизинен жаш чыгармачыл топ иштегенине карабастан консервативдүү мазмунудагы тасманын чыгарганына нааразы болушкан. Кээ бир сынчылар тескерисинче бул мульфильмди макташкан, мисалы, Ричард Корлисс аны акылга сыярлык бейкалыс окуясы үчүн мактаган[2].
Rotten Tomatoes булагынын маалыматы боюнча, киносынчылардын 69% мультфильмге оң корутунду беришкен[3].
Сыйлыктары
түзөтүүМультфильм 1982-жылы «Алтын экран» сыйлыгына татыган. Ошол эле жылы «Жаш сүрөтчү» сыйлыгына жана мыкты фантастикалык тасма «Сатурн» сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн[4].
Жыл | Номинация | Сыйлык | Жыйынтыгы |
---|---|---|---|
1982 | 9-чу Сатурн сыйлыгы[5] | Эң мыкты фантастикалык тасма | Номинация |
Алтын экран сыйлыгы. 1982.[4] | Жеңиш | ||
5-чи Жаш сүрөтчү сыйлыгы[4][6] | Эң мыкты тасма | Номинация |
Тасманы тарткан чыгармачыл топ
түзөтүү- Мазмуну: Ларри Клеммонс, Тед Берман, Дэвид Микенер, Питер Янг, Барни Мэттинсон, Стив Хьюлетт, Эрл Кресс, Вэнс Жерри
- Продюсердин чыгармачыл жардамчысы: Мелвин Шоу
- Башкы аниматорлор: Рэнди Картрайт, Клифф Нордберг, Фрэнк Томас, Глен Кин, Рон Клементс, Олли Жонстон
- Кармаандардын аниматорлору: Эд Гомберт, Жон Маскер, Дэйл Оливер, Жерри Рис, Рон Хасбенд, Дик Н. Лукас, Дэвид Блок, Крис Бак, Жеффри Ж. Вараб, Чак Харви, Хендел С. Бутой, Фил Ниббелинк, Даррел Ван Киттерс, Майкл Седено, Филлип Янг
- Эффектердин анимациясы: Тэд Кирси, Жек Бойд, Дон Пол
- Анимациянын координаторлору: Уолт Стэнчфилд, Дэйв Судинг, Лерой Кросс, Чак Уильямс
- Жаржамчылар: Том Ферритер, Сильвия Мэттинсон, Дон Хан, Марк А. Хестер, Терри Л. Носс
- Арт-директор: Дон Гриффит
- Макеттер: Дэн Хансен, Сильвия Ремер, Майкл Пераза-мл., Гленн В. Вилппу, Гай Василович, Жо Хэйл
- Түс стилисти: Жим Колмэн
- Фондорду тарткандар: Даниэла Белецка, Брайан Себерн, Кэтлин Суэйн
- Продакшн-менеджерлери: Эдвард Хансен, Дон Даквол
- Үн: Херб Тэйлор
- Монтаж: Жеймс Мелтон, Жеймс Кофорд, Эвелин Кеннеди, Жек Уодсворт
- Композитор: Бадди Бэйкер
- Оркестр боюнча адис: Уолтер Шитс
- Биргелешкен продюсерлер: Вольфганг Рейтерман, Арт Стивенс
- Аткаруучу продюсер: Рон Миллер
- Продюсерлер жана режиссёрлор: Тед Берман, Ричард Рич
Тасмада колдонулган ырлар
түзөтүүТасмада колдонулган ырлардын альбому 1981-жылы Диснейленд Рекордс студиясы тарабынан жарыкка чыгарылган[7].
№ | Аталышы | Автору | Аткаруучу |
---|---|---|---|
1. | "Best of Friends" | Стэн Фидель | Перл Бейли |
2. | "Lack of Education" | Жим Стаффорд | Перл Бейли |
3. | "A Huntin' Man" | Жим Стаффорд | Жек Альбертсон |
4. | "Appreciate the Lady" | Жим Стаффорд | Перл Бейли |
5. | "Goodbye May Seem Forever" | Жеффри Патч | Жанет Нолан хордун коштоосу менен |
Булактар
түзөтүү- ↑ The Fox and the Hound
- ↑ Cinema: The New Generation Comes of Age
- ↑ The Fox and the Hound — Rotten Tomatoes
- ↑ 4.0 4.1 4.2 The Fox and the Hound – Awards
- ↑ Past Saturn Awards. Academy of Science Fiction, Fantasy & Horror Films
- ↑ Fifth Annual Youth in Film Awards 1982-1983
- ↑ Various - The Fox and the Hound (Vinyl, LP)
Тышкы шилтемелер
түзөтүү- Расмий сайты
- Түлкү жана мергенчи ит (англ.) Internet Movie Database сайтында
- The Fox and the Hound AllMovie сайтында