Шамши Түмөнбаев - кырк жылга жакын сахнада эмгектенип,эстен кеткис образдарды түзүү менен кыргыз улуттук театрынын өнүгүшүнө зор салым кошкон чебер актер.

Өмүрү түзөтүү

Түмөнбаев Шамши 1909-жылы 21-декабрда Ысык-Көл областындагы Чок-Тал айылында туулган.Ал эми 1923-жылы дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылык орду түзөтүү

1926-жылы Кыргыз драмалык студиясында окуп,1929-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз драма театрында иштейт.Алгач ал Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" (1929)драмасында койчунун ролун аткарган.Өзүнө тапшырылган ар бир ролго терең киришип,дайыма жаңы кайталангыс түрлөрдү тапкан.Өзгөчө комедиялык пландагы каармандардын образын жогорку чеберчиликте ойногон.Р.Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасовдо" Жапалак (1936), Ж. Бөкөнбаевдин "Алтын кызында" Берик дубана (1937),К. Жантөшевдин "Курманбек" драмасында Доргу (1944),Т.Абдымомуновдун "Борбаш" комедиясында Камгакбай (1951), Н.Гоголдун "Текшерүүчүсүндө" Хлестаковдун (1943) образдардын күлкүлүү сатиралык элементтер менен байытып,алардын ички дүйнөсүн терең ачып берип чоң ийгиликтерге жетише алган.Шамши Түмөнбаев кыргыздын биринчи киноактеру катарында кино көрүүчүлөргө да кеңири белгилүү.Мисалы,"Илья Муровец","Салтанат","Менин жаңылыштыгым","Алыскы тоолордо", "Эне жөнүндө баян","Токтогул" фильмдеринде эсте каларлык ролдорду аткарган.

Сыйлык жана наамдары түзөтүү

Анын искусствого синирген эмгеги жогору бааланып,1958-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардактуу наам берилген. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Түмөнбаев Шамши//Кыргыз Совет Энциклопедиясы.-Ф.,1980.Т.6.-Б.79; Бектенов К.Куу алган кушта эмне сын//Кыргызстан маданияты.-1969.-26-февр..-Б.13.