Түндүк Австралия (англ. North Australia) — Британиянын кыска мөөнөттөгү колониясы; Австралия Шериктештигинин федералдык башкаруу астындагы мурдагы аймак.

Түндүк Австралия
англ. North Australia'
Өлкө:

Австралия

Абалы:

Аймак

Түзүлгөн убакыты:

17-февраль 1846

Таратылган убакыты:

12-июнь 1931

Расмий тили:

Англисче

Интернет-домени:

.au

Колония (1846—1847 жж.) түзөтүү

 

Колония патенттик грамотанын негизинде 1846-жылдын 17-февралындагы түзүлгөн. Ал азыркы Австалиянын түндүк аймагынын баардык аянтын жана түштүк кеңдиктин жыйырма алтынчы параллелинин түндүгүндө жайгашкан азыркы Квинсленддин бир бөлүгүн ээлеген. Борбору Порт Куртис (азыркы Гладстоун) шаары болгон.

Жаңы колониянын губернатору болуп Принс Эдвард аралынын губернатору болуп иштеген Чарльз Август Фицрой дайындалган. Колониянын түзулүшү жөнүндө жарлык 1847-жылдын 30-январында, Сеттлмент-Пойнттогу салтанаттуу отурушта жарыяланды. Жаңы колониянын түзүлүшү жана анын жаңы кабыл алынган макамы Жаңы Түштүк Уэльстин Мыйзам чыгаруу кеңешинде көп сынга кабылган[1].

Колонияны калыптандыруу ошол жылдын декабрь айында Улуу Британияда өкмөт алмашкандан кийин жокко чыгарылган, бирок бул тууралуу кабар Сиднейге 1847-жылдын 15-апрелинде гана жеткен[2].

Аймак (1927—1931) түзөтүү

 

Түндүк Австралия - Австралиянын тарыхындагы кыска мөөнөттүк гана аймагы болгон. Австралиянын ички иштер министри Жордж Пирс бул аймактын аянты башкаруу үчүн өтө эле чоң деп эсептеген. Ошондуктан, 1927-жылдын 1-февралында, «Түндүк Австралия актысына» ылайык бул аймактын аянты экиге бөлүнгөн — Түндүк Австралияга жана Борбордук Австралияга. Бирок 1931-жылдын 12-июнунда бул эки аймак кайрадан Түндүк аймакка бириктирилген[3][4][5].

Дагы окуңуз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. History of Queensland borders before proclamation
  2. The Gladstone colony; an unwritten chapter of Australian history
  3. RESIDENT GOVERNORS
  4. North Australia. Administration (1928). In Report on the administration of North Australia. Govt. Printer, Canberra
  5. Baillie, Jill (1990). Struggling to achieve the vision splendid: the North Australia Commission, 1926/ 1930. In Northern Perspective. 13 (2), 23-32.

Тышкы шилтемелер түзөтүү