Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2x2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз тигилет. Тастар боо түндүктү жаап жана ачып турат. Түндүк жабууну чүпүрөк менен ичтеп, ага кооз шырдак оюму да берилген. Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал «Калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип, түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан.

Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да шырдак оюмдарын түшүрүүгө көңүл бурулган. Алсак төрт «табак» же «капкан» оюмдары берилип, мунун ичи төрт «жүрөкчөдөн» турат. Оюмдун төрт жеринен «мүйүз оюму» чыгат да, төрт оюм бири-бирине төрт тарабынан төп жана так тутумдашат. Буга ак-кара, кызыл-көк, кызыл-кара өңдөр мүнөздүү болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)