Түндүк сибирь ойдуңу, Таймыр ойдуңу РФтин Краснояр крайы менен Якутияда.

Енисей менен Оленёк дарыянын төмөнкү агымында жайгашкан. Уз. 1400 км, туурасы 600 км, бийикт. 200-300 м. Негизинен деңиз жана мөңгү катмарларынан, кумдук жана чополуу сланецтен турат. Рельефине тоң жана морена жалчалары мүнөздүү. Климаты субарктикалык континенттик. Январдын орт. температурасы -30...-37°С, июлдуку 6-10°С. Жылдык жаан-чачыны 250-300 мм. Түндүк сибирь ойдуңу аркылуу Пясина, Таймыр, Хета жана Котуй д. агып өтөт. Көлдөр көп (ириси Таймыр), алардын ичинен термокарстуу көлдөрү да бар. Саздак жерлер кездешет. Түндүк бөлүгүн эңилчектүү, түштүгүн бадалдуу, токойлуу тундра ээлейт. Кендери: нефть, газ, таш көмүр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4