"Түнкү саат 00:30" (англ. , орус. Цель номер одинZero Dark Thirty)- 2012-жылы Кэтрин Бигелоу тарткан жана сценарийин Марк Боал жазган америкалык саясий экшн-триллер. Тасма, 11-сентябрда Кошмо Штаттарда болгон террористтик кол салуудан кийин Ал-Каида лидери Осама бин Ладендин он жыл боюнча эл аралык масштабда изделгендиги баяндалат.

Тасмада Мая (Жессика Честейн), ойдон чыгарылган "CIA" интеллект боюнча аналитиктин ролун аткарат жана экинчи пландагы ролдорду Жэйсон Кларк, Жоел Эдгертон, Женнифер Эле, Марк Строң, Кайли Шендлер, Эдгар Рамирез жана Жэймс Гендолфини аткарышкан. Тасманын продюсерлери Боал, Бигелоу жана Мэган Эллисон. Тасманын бет ачаары 2012-жылы, 19-декабрда Лос-Анжелес шаарында өтүп, 2013-жылы, 11-январда бүткүл дүйнө боюнча жайылтылган.

Тасма дүйнө жүзү боюнча мактоолорго ээ болуп, 2012-жылкы 95 киносынчынын эң алдынкы 10 тасмасынын катарына кирген. "Түнкү саат 00:30" 85-"Оскар" сыйлык тапшыруу аземинде "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты актриса"(Честейн), "Эң мыкты түп-нускадагы сценарий", "Эң мыкты киномонтаж" наамдарына көрсөтүлүп, "Эң мыкты үн монтаж" наамын жеңип алган. Ошондой эле ал "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма-драма", "Эң мыкты режиссер" жана "Эң мыкты сценарий" наамдарына көрсөтүлүп, Честейн "Драма категориясындагы эң мыкты актриса" наамын жеңип алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү