Түпкү этнос - сөз болуп жаткан аймакта калыптанган этностук топ.

Ал аймакты мекендегендер аборигендер деп аталышат. «Түпкү этнос» жана «түпкү калк» деген түшүнүктөрдү ажырата билүү керек. «Түпкү калк » деген түшүнүк аталган аймакта төрөлгөндөргө карата башка жактан келгендерден, .иммигранттардан аларды бөлүп кароо үчүн колдонулат. Түпкү калктын укуктук статусу Түпкү элдер жана уруулук түзүлүштө жашаган элдер жөнүндөгү эмгектин эл аралык уюмунун Конвенциясы (1989) менен аныкталат. Бул документке ылайык түпкү этнос өнүгүүнүн жеке приоритеттерин тандап алууга укуктуу. Алар мурдатан жашап келген аймак алардын менчиги жана ээлиги катары таанылат. Ошондой эле алар өздөрү жашаган аймактагы жаратылыш ресурстарына башкармалык кылууга, пайдаланууга, катышууга укуктуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.