Түркстан козополянскиясы

Түркстан козополянскиясы (лат. Kosopoljanskia turkestanica, Korovin) - Көп жылдык, цилиндрдей өзөк тамырдуу, тамыр моюнчасы былтыркы жылкы жалбырактарынын бозомук калдыктары менен жабылган. Сабагы бир, же 2-3 санда, түбүнөн баштап бутактанган, түксүз, көгүш, бийиктиги 40-60 см. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчалуу, кыска саптуу, пластинкасынын жалпы көрүнүшү сүйрү, эки ирет канаттай бөлүктүү, биринчи бөлүкчөлөрү сызгычтай, бөлүкчөлөрү айчыктуу, сабак жалбырактары кичине, жалбырак кучактуу. Чатыры 10-18 гүлдүү, чатырчасы 15 гүлдүү, ороочтуу же ороочсуз. Каптал чатырчаларынын гүлдөрү көпчүлүк учурда мөмөлөбөйт. Мөмөсү жумуртка сымал, сегиз кырдуу, бышып-жетилгенде 2 жарым урукка ажырайт, түксүз.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөп, июлда мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстанда Талас суусунун башатындагы Орток, Үчбулак тоолорунда, Алай тоо кыркасында (Акбуура суусунун өзөнү) жана Ички Тянңшанда (Жумгал суусунун Көкөмеренге кушулган куймасына жакын жерде) табылган.

Өсүү шарттары түзөтүү

Сланецтердин кургак калдыктарында, таштуу, майда топурактуу жана конгломераттуу беттерде, туздуу, чополуу жерлерде өсөт.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Балким бышып-жетилген уруктары жаандын суусу менен жуулуп жагымсыз шарттарга – ысык тоо этектери жана өрөөндөргө түшөт.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин (1978), Казак ССРинин (1981), Кыргыз ССРинин (1985) Кызыл китептерине катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясы кеңири таралган капчыгайларда ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Жаңы таралган жерлерди издөө.

Статусу түзөтүү

V U . Кыргызстанда өскөн эндем тукумдун эки түрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү