Түрк тилдүү элдер - этногенетикалык жана этномаданий жактан тектеш элдер.

«Түрк тилдүү элдер» деген термин илимге 19-к. батыш илимпоздору тарабынан киргизилген. Тилдердин геналогиялык жиктешүүсүндө батыш хунну жана чыгыш хунну деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш хуну тобуна кыпчак тилдүү (казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумук, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар ж.б.), огуз тилдүү (түрк,азербайжан, гагауз, түркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, юруктар, ж.б.), уйгур тилдүү (уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү), чыгыш хунну тобуна - кыргыз- кыпчак тайпасы (кыргыздар, түштүк алтайлыктар), уйгур-тукюй тобу (хакастар, тувалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор ж.б.) киришет.

Түрк тилдүү элдер - шарттуу аталыш. Тилдик жактан этногенетикалык жалпылык болгондугу менен, бул элдер сырткы жана ички факторлордун таасиринен улам маданий, антропологиялык, диндик, чарба жүргүзүүдөгү бир топ өзгөчөлүктөргө ээ. Буга түрк тилдүү этностордун жергиликтүү маданияттын жана тилдин элементтерин кабыл алуусу, антропологиялык ж.б. өзгөчөлүктөр да мисал боло алат. Түрк тилдүү элдер ислам дининин суннит (түрк тилдүү элдердин басымдуу бөлүгү), шиит агымдарына (азербайжандар, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар), христиан равославдар (чуваштар, гагауздар, якуттар, хакас, алтайлыктардын бир бөлүгү, балкан түрктөрү ж.б), буддисттер (тувалар, Монголиянын түрк тилдүү этностору), иудейлер (караимдер, крымчактар), шаманизм (сары уйгурлар, тувалар, алтайлыктар, хакастар, шорлордун бир бөлүгү) диндерине сыйынышат. Демек, түрк тилдүү элдер дүйнөдөгү белгилүү диндер менен байланышта.

Бул түрк тилдүү элдердин таралуу ареалын да чагылдырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.