"Түрмөдөн качуу" (англ. Prison Break) Пол Шееринг жараткан америкалык телесериал. Ал Fox каналында төрт сезон бою көрсөтүлгөн: 2005-жылдын 29-августунан баштап, 2009-жылдын 15-майына чейин. Бешинчи сезону 2017-жылдын 4-апрелинен 30-майга чейин чыккан. Сериалдагы окуя эки бир туугандын тегерегинде жүрөт, алардын бири өзү кылбаган кылмыш үчүн өлүм жазасына тартылат, ал эми экинчиси бир тууганына түрмөдөн качып чыгып, өз ысмын актоосу үчүн кеңири план ойлоп табат. Бул сериал Adelstein-Parouse Productions тарабынан 20th Century Fox Television менен бирдикте башында телекөрсөтүү үчүн чыгарылган эле. Жазуучу Пол Шееринг менен чогуу аткаруучу продюсер Мэтт Олмстед, Кевин Хукс, Марти Аделстейн, Дон Параус, Нил Х. Мориц жана пилоттук эпизодду жетектеген Бретт Ратнер иштеген. Сериалдын музыкалык темасы Рамин Жавади тарабынан жазылып, 2006-жылы Эмми сыйлыгына көрсөтүлгөн.

"Түрмөдөн качуу" бир нече индустриялык сыйлыктарга көрсөтүлгөн, анын ичинде 2005-жылы Алтын Глобуска мыкты драмалык телесериал катары сунуш кылынган жана 2006-жылы Эл Тандоо сыйлыгынын Сүйүктүү сериал призин утуп алган. Кошмо Штаттарда бардык беш сезон DVD кылынып, эл аралык деңгээлде Blu-Ray чыккан.

Сериалдын ийгилиги мобилдикт телефондор үчүн кыска видео тартканга, бир нече расмий макалалардын басма сөздөрдө жана Интернетте чыгышына, ошондой эле видеоюндардын жасалышына шыктандырды. "Түрмөдөн качуунун" өзүнчө сериясы (спин-офф) "Күнөөсүздүктүн далили" - бир гана мобилдик телефондор үчүн тартылган болчу. Сериал расмий журнал жана романдын үзүндүлөрү жаралышына түрткү болгон. "Түрмөдөн качуунун" төртүнчү сезону мурунку үзүлүп калган сезонду ортосунан улап, 2009-жылдын 17-апрелинен баштап, сериалдын акыркы алты эпизодун көрсөткөн. Эки кошумча эпизоду "Кары Болл жана чынжыр" жана "Эркин" деген ат менен тартылып, кийинчирээк өз алдынча "Акыркы качуу" (англ. The Final Break) деп аталып чыккан. Бул фильмдердин өзгөчөлүктөрү сериалдын акыркы эпизодуна чейин жүрүп, бүтпөй калган сюжеттик көрүнүштөрдү аяктаганга багышталган. Ал 2009-жылы 21-июлда DVD жана Blu-Ray чыккан. Тогуз эпизоддон турган 5-сезонунун анонсун Fox 2016-жылдын январында жарыялаган. Премьерасы 2017-жылдын 4-апрелде болуп, бейшемби күнү 9:00до эфирде көрсөтүлчү. Сезон 2017-жылдын 30-майында аяктады.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү