Түстүүлүк  теориясы – орг. бирикмелер боёлуу себебин түшүндүрүүчү көз караштар. Жарык, курамындагы спектр бир бөлүгүн тандап жутуп алуунун натыйжасында заттар ар кандай түскө ээ болушат. Кирхгоф законуна ылайык нерсе өзүнө кандай жарык спектринин бөлүгүн жутуп алса, ошондой эле жарык нурун чыгарат. Жарыкты тандап жуткандыктан заттар өткөн жарыктын түсү, ал зат жутуп алган жарыктын түсүнө кошумча түс (ак-кара түстүү фотография) болуп эсептелет. Сарыдан кызылга, андан көккө, көктөн жашылга өтүү багыты түстүн терендеши же батохромдук кубулуш деп аталат. Ал эми ага тескеринче багыт түстүн жогорулашы же гипсохром кубулушу деп аталат да, жутуу толкун узундугунун кыска тарабын көздөй жылышын пайда кылат. Кошумча жана жутулган түстөр ортосундагы катыштар таблицада көрсөтулгөн.

Жарык спектринин ультракызгылт–көк жана көрүнүүчү аймактарындагы жутуусу жарык бөлүкчөсү болгон фотон менен көрүнүүчү зат атомундагы электрондун өз ара аракети менен шартталат. Ал эми инфракызыл аймактагы жутуу мол-нын атомунун термелиши жана айланышы менен байланышкан. Мол. жарыктын квант энергиясын жутуп алып, Е1 энергиясына ээ болгон негизги абалдан Е2 энергиясына ээ дүүлүккөн абалга өтөт. Атом электрону фотонду жутуп алып, негизги орбитадан жогорку орбитага өтөт. Фотон энергиясы Е=hv, мында

h = 6,57·10-34Дж•с

h-Планк турактуулугу, v - жарык жыштыгы. Атом дүүлүккөн абалдан негизги абалга өткөндө Е2-Е1 =hv болгон энергия кайра (фотон) чыгарылат. Орг. заттар түсү алардын молекулалары түзүлүшү менен шартталат. Мис, изатин (1) жана фталим (2) курамдары бирдей болгону менен ар түрдүү түскө ээ.

Т.т. негиздөөчүлөр нем. химиктери К. Либерман жана К. Гребе (1969) орг. боёгуч заттар менен алардын түзүлүш ортосунда байланыш бар экенин көрсөтүшкөн. 1876-ж. нем. химиги О. Витт хромофордук теорияны тапкан. Бул теория боюнча түссүз заттарга хромофорлор деп аталуучу атом топторун азо (-N=N-), винилен (-CH=CH-), азометин. (-CH=N-), нитро (-NO) жана карбонилди (>CO) кошкондо алар тускө ээ болушат. Мындай хромофорлор кошулган заттар хромогендер деп аталат. Кийин хромегенге дагы башка атом топторун кошкондо зат түсү терендеген, бул топтор ауксохромдор деп аталган, алар: амин (-NH2) жана фенолго мүнөздүү окситоптор (-ОН). Г.Армстронг ж.б (1888) хиноид хромофорлору маанисин көрсөтүшкөн В.А.Измаильский (1915) боечу заттар классикалык стуктуралык формула менен эмес, мезомердик деп аталган кандайдыр орточо абал менен түшүндүрүлөт деген жыйынтыкка келген. Мындай абал мол-дагы атомдун байланыштары жана зарядынын которулушу менен мунөздөлөт. Тутумдаш байланышка ээ болгон учтарында электрон-донордук жана электрон-акцептордук топтору жайгашкан системалуу мол-ларда которулуу айрыкча оңой жүрөт. Мындай айкалыш бардык типтеги боёочу заттар үчүн мүнөздүү, анткени мол. дүүлүккөн абалга өтүү менен оной уюлдашат. Мол-лар тутумдаштык чынжыры канчалык узун болсо, зат түсү ошончолук терең болот. Мисалы, көмүртек катары С6Н5 – (СН=СН)n – С6Н5 үчүн түстүн максимум толкун уз. (l махс) n=1 болгондо 306 нм - n=5 болгондо 403 нм чейин өсөт. Тутумдаштык чынжыры электрон донордук жана электрон – акцептордук топтор менен бүткөн молекулалар түсү терең болот. Мол-лар бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө салыштырмалуу бурганда да түс өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү