" Түшкүнү коргошун камчы " – камчынын эң учундагы өрүмүнө уюган коргошунду кошо өрүп коюу.  

Кыргыз элинин ат үстүндө кас адамы же жоосу менен салышканда колдонгон куралы дайыма камчы болгон. Ошондуктан ар бир эр жигиттин мыкты камчысы болгон. Камчынын түшкүнүнө ( учундагы өрүмүнө ) коргошунду ичине кошо өрүп койгондо, камчы коркунучтуу куралдын бири болгон. Аны менен чапканда душманынын эси ооп, аттан кулап түшкөн. Кээде камчынын түшкүнүнө зым да ороп өргөн.
Албандын түшкүнү коргошун камчысы кимисине кандай тийсе, анысы калпактай учуп түшө берди. ( А. Убукеев. “ Чыр дөбө “ )