Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, АСЕАН (англ. Association of South East Asian Nations)

Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы.
Файл:Асеан.png
Кабыл алынган 31 май 1997
Үлүшү 2:3

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү бирдиги (Ассоцияциясы) 1967 жылдын 8 августунда Банкок шаарында түзүлгөн. Биринчилерден болуп Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин өлкөлөрү мүчө болушкан. Кийинчерээк Бруней-Дарусаллам (1984ж.), Вьетнам (1995 ж.), Лаос и Мьянма (1997 ж.), Камбоджа (1999 ж.). Папуа-Жаңы Гвинеяга жана Чыгыш Тиморго байкоочу статусу берилген.

АСЕАНдын келишиминде жазылган максаттары төмөндөгүдөй: мүчө өлкөлөр арасында социалдык жана экономикалык, ошондой эле маданий жактан өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, Түштүк-чыгыш чөлкөмүндө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча бидиктүү иш жүргүзүү.

Укуктук карым катнашты жөнгө салуунун куралы катары 1976-жылкы макулдуктун Декларациясын карасак болот. Экинчи макулдуктун Декларациясы (Балтика макулдашуусу-2) 2003-жылы түзүлгөн. Мындан тышкары 1976-жылы түзүлгөн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн достук жана биримдик Келишими да бул региондо мамилелерди жөнгө салуу максатын көздөйт. Бул Келишимде 1987-жылдын баштап региондон тышкаркы өлкөлөрдү кошууга да мүмкүнчүлүк берүүчү толуктоолор киргизилди. Толуктоолордун биринчи жылында эле бул мүмкүнчүлүктөн Кытай жана Индия колдонду. 2004-жылы июль айында Япония жана Пакистан, 2004-ж. ноябрь айында Орусия жана Түштүк Корея, 2005-ж. июль Жаңы Зеландия жана Монголия, декабрь 2005-ж Австралия, 2009-ж. июлунда АКШ кошулду.

Ассоциациянын укуктук-ченемдик жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн базасын күчтөндүрүү максатында АСЕАНдын Уставын иштеп чыгуу чечими чыгарылды. 2007-жылдын 20-ноябрь айында Сингапурда өткөн АСЕАН дын 13-чогулушунда (саммитинде) “ондук” тарабынан АСЕАНдын Уставына кол коюлду. Бул өтө чектүү документ болуп саналуу менен Ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн жалпы принциптерин гана жөнгө салат. Буга карабастан, бул документтин кабыл алынуусун АСЕАНдын жаңы этабынын башталгычы катары карасак болот. Анткени, дал ушул документ жарым жартылай формалдуу болуп келген биримдикти эл аралык укуктук субъект статусуна ээ, толук кандуу регионалдык уюмга айлантты. 2008-жылдын 15-декабрьда АСЕАНдын Уставы күчүнө кирди.

АСЕАНдын башкаруу механизмдеринин түзүлүшү так белгиленген, анын ичинен саммиттер, министрлерди жолугушуусу жана ар кыл тармактагы башкаруучулардын чогулуштарынын түзүлүшү Ассоциацияга кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнөн түзүлөт (Жыл сайын шайлоонун негизинде өзгөрүп турат, 2011-ж.- Индонезия, 2012 ж. – Камбоджа, 2013 ж. – Бруней, 2014 ж. – Мьянма).

АСЕАНдын эң жогорку органы катары, жылда эки жолу өтүүчү- мамлекет жана өкмөт башчылырынын чогулушу саналат (эреже катары жазында жана күзүндө өтүүчү). Азыркы учурда Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылуучу орган катары бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринен түзүлгөн АСЕАНдын Координациялык кеңеши саналат. Карым катнашты үзгүлтүксүз бекемдөө жана өнүктүрүү максатында Джакартада АСЕАНдын туруктуу өкүлдөрунүн Комитети түзүлгөн. Бул Комитет “ондуктун” ар бир мүчөсүнөн шайланган элчилеринен түзүлөт.

Джакартада Башкы Катчынын башкармалыгында АСЕАНдын Катчылыгы иштейт. Башкы Катчы АСЕАНдын өкүл-өлкөлөрунүн лидерлери тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. 2013-2017-жж. бул орунду Вьетнамдын мурунку Тышкы Иштер Министринин жардамчысы Ле Лыонг Минь ээлейт.

2003-жылы бирдиктин лидерлери тарабынан АСЕАН Коомдоштугунун концепциясы кабыл алынды. Бул концепцияда Ассоциациянын чегинде 2020-жылга чейин саясий жана коопсуздукту сактоо жаатында Коомдоштукту, муну менен бирге Экономикалык жана Маданий Коомдоштукту түзүү каралган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн 2004-жылы АСЕАНдын 10-чу саммитинде «Вьентьяндык иш-чара программасы» кабыл алынды. Аталган документ эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; “ондуктуктун” өз ара интеграциясын тездетүү, “жаңы” жана “эски” мүчөлөр арасындагы экономикалык өнүгүү айырмачылыкты паралельдүү түрдө азайтуу максаттарын ишке ашыруунун жолдорун, ыкмаларын камтыйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9