Түштүк Америка — Батыш жарым шардын түштүгүндө жайгашкан Жер планетасынын алты континентинин (материгинин) бири. Батышынан - Тынч океанынын, чыгышынан - Атлантика океанынын, түндүгүнө - эки Американын ортосундагы табигый чек болгон Кариб деңизинин суулары менен чулганат. Материктин түндүк-батышындагы Панама моюнчасы Түштүк Американы Түндүк Америка менен байланыштырат. Эки континент кошулуп Америка дүйнө бөлүгүн түзөт.

Түштүк Америка

Батыш жарым шарынын картасындагы Түштүк Америка
Аянты

17 840 000 км²

Калкы

438 039 139 адам

Жыштыгы

21,4 адам/км²

Этнохороними

түштүк америкалык, түштүк америкалыктар

Курамында

13

Көз каранды
өлкөлөр

3

Тилдери

индей тилдеринде, португалча, испанча, англисче, нидерландча

Убакыт аралыгы

UTC-2 дөн UTC-5

Ири шаарлары

Бразилия Сан-Паулу (12,1 млн)
Перу Лима (9,6 млн)
Колумбия Богота (7,9 млн)
Бразилия Рио-де-Жанейро (6,2 млн)
Чили Сантьяго (6,2 млн)
Аргентина Буэнос-Айрес (3,1 млн)
Бразилия Бразилиа (3 млн)
Бразилия Салвадор (2,6 млн)
Бразилия Форталеза (2,5 млн)
Венесуэла Каракас (2,0 млн)

Түштүк Америка Викиказынада

Түштүк Американын жер аянты 17,840,000 чарчы километр. Түштүк Америка аймагы боюнча төртүнчү орунда (Азия, Африка жана Түндүк Америкадан кийин) жана калкынын саны боюнча бешинчи орунда (Азия, Африка, Европа жана Түндүк Америкадан кийин) турат[1].

Түндүктөн түштүккө карай 7548 км, батыштан чыгышка карай 5150 км аймакты ээлейт[1]. Материктин орточо бийиктиги — 580 м, эң жогорку чекити 6960 метрге жетип Аконкагуа тоосунда жайгашкан, эң төмөнкү чекит — Вальдес жарым аралы (-42 м)[1].

Этимология

түзөтүү

Континенттин аталышында «Америка» сөзүн Мартин Вальдземюллер, Америго Веспуччи атынын латын вариантын картага түшүрүп жатып биринчилерден болуп колдонгон, ал эми Веспуччи жердин Христофор Колумб тарабынан ачылышы Индияга таандыгы жок, жана бул жер Европалыктарга мурда белгисиз болгон Жаңы Дүйнө деп сунуштаган.

Тарыхы

түзөтүү

Түштүк Америкада адамзаттын отурукташуусу болжол менен 15 000 жыл мурда башталган. Континенттеги азыркы учурда белгилүү болгон эң байыркы цивилизация — Перудагы Норте-Чико же Карал-Супе маданияты, ал болжол менен б.з.ч. 3500-жылдары пайда болгон жана Американын эң алгачкы цивилизациясы катары таанылат[2][3].

Кийинчерээк, Анд тоолорунун аймагында Инк падышачылыгы пайда болуп, 1438-жылы Перунун Куско шаарын негиздешкен. Инктер өз доорунда эң ири жана өнүккөн цивилизация болуп, алардын падышачылыгы азыркы Перу, Боливия, Эквадор, Чили, Аргентина жана Колумбиянын аймактарын камтыган. Инк падышачылыгы учурунда башкаруу системасы, жол тармагы жана архитектурасы өзгөчө өнүккөн.

 
Кулду эл алдында сабоо. Бразилия, XIX кылым

1494-жылы Испания менен Португалиянын ортосунда Тордесильяс келишими түзүлүп, анын негизинде Түштүк Америка эки державанын ортосунда бөлүнгөн. Испания континенттин батыш бөлүгүн, ал эми Португалия чыгыш жээгин, азыркы Бразилияны колониялаштырган. Европалык колонизаторлор жергиликтүү элдерди кулчулукка алып, алардын маданиятын жана жашоо образын өзгөртүшкөн. Ошондой эле, Африкадан кулдар алып келинип, алар плантацияларда жана шахталарда иштетилген. Колониялык доордо католик дини кеңири жайылып, испан жана португал тилдери негизги тилдерге айланган. Бул мезгилде жергиликтүү калктын саны оор шарттар, оорулар жана зордук-зомбулуктун айынан кескин азайган[3].

 
Фолкленд согушу учурундагы аргентиналык жоокерлер

XIX кылымдын башында Түштүк Америкада көз карандысыздык үчүн күрөш башталып, 1815–1822-жылдары көптөгөн жаңы мамлекеттер пайда болгон. Бул кыймылдардын башында Симон Боливар жана Хосе де Сан-Мартин сыяктуу лидерлер турган. Алардын жетекчилиги астында көптөгөн өлкөлөр испан жана португал бийлигинен бошонуп, өз алдынча мамлекеттерге айланышкан. Мисалы, Колумбия, Венесуэла, Эквадор, Перу жана Боливиянын көз карандысыздыкка жетишишкен. Бирок, бул күрөштөрдүн натыйжасында экономика начарлап, калктын саны азайган жана коомдо ар түрдүү топторго бөлүнүүлөр пайда болгон[2].

XX кылымда Түштүк Америкада саясий жана экономикалык туруксуздук, аскердик төңкөрүштөр жана авторитардык режимдер кеңири жайылган. АКШнын аймактагы таасири күчөп, айрым учурларда алардын кийлигишүүсү менен өкмөттөр алмашкан. Мисалы, Куба революциясы жана Чилидеги Пиночеттин режими ушул доордун көрүнүктүү мисалдары болуп саналат[3].

1990-жылдардан кийин көптөгөн өлкөлөр демократиялык жолду тандап, экономикалык реформаларды жүргүзө башташкан. Бирок, социалдык теңсиздик, коррупция жана саясий туруксуздук дагы деле чоң көйгөйлөр бойдон калууда[3][2].

Географиясы

түзөтүү

Түштүк Америка үч бурчтук формага ээ, анын негизи экватордук алкакта жайгашкан, ал эми бийиктиктери түштүк уюлду көздөй багытталган. Материк экватор менен анын түндүк бөлүгүндө кесип өтөт. Түштүк Американы түштүк тропик дагы кесип өтөт. Континенттин аянтынын көпчүлүк бөлүгү дал ушул параллелдердин ортосунда жайгашкан.

Географиялык изилдөөлөр

түзөтүү

Генуэзиялык деңиз саякатчысы Кристобаль Коломбо, испан падышасынын алдында кызмат кылып, Христофор Колумб деген ат менен тарыхта калган. Эгерде Жер шар формасында болсо, анда батышка сүзүү менен, байлыктардын жана кенчтердин жомоктогудай жери болгон Индия же Кытайга сүзүп барса болот деп божомолдогон. 1492-жылы Христофор Колумбдун экспедициясы Антил аралдарына жеткен жана батыш жарым шарда жайгашкан материктердин биринчи ачуучусу болуп калган[4].

ХV кылымдын аягында флоренциялык саякатчы Америго Веспуччи Колумб тарабынан ачылган жерлердин жаратылышын кылдат изилдеген. Бул жерлер Евразиянын бир бөлүгү эмес, жаңы материк болуп эсептелет деген жыйынтыкка келген. Кийин бул материкти Америгия же Америка деп атоону сунушташкан[4].

Материктин жаратылышын изилдөөдө немец географы жана табият таануучу Александр Гумбольддун ролу чоң, ал 1799-1804 - жылдары Борбордук жана Түштүк Америка боюнча саякаттаган. ХIХ кылымда материктин кээ бир аймактарынын тереңирээк изилдениши башталган. 1821-1828 - жылдары Григорий Иванович Лангсдорф жетектеген орустардын экспедициясы Бразилиянын ички аймактарын изилдеген. Амазонка ойдуңунун геологиялык түзүлүшү, климаты, өсүмдүктөрү жана жаныбарлары жөнүндө баалуу маалыматтарды англиялык саякатчы Генри Бейтс 1848-1859 - жылдары экспедиция мезгилинде чогулткан[4].

Саясий түзүлүшү

түзөтүү

Эгемендүү мамлекеттер

түзөтүү
Желеги Аталышы Расмий аталышы ISO Борбору Аянты/Орду Калкы/жыштыгы адам/км² Тили Акча бирдиги Карта
 
Аргентина Аргентина Республикасы ARG Буэнос-Айрес 2,780,400 км2[5] 82[5] 45,276,780[6] 16,8 Испанча Аргентина песосу
 
 
Боливия Көп улуттуу Боливия мамлекети BOL Ла-Пас, Сукре 1,098,581 км2[5] 272[5] 12,079,472[6] 11,1 Испанча, кечуача, аймарача, гуараниче ж.б. 33 тилде Боливия боливианосу
 
 
Бразилия Бразил Федеративдик Республикасы BRA Бразилиа 8,514,877 км22[5] 52[5] 214,326,223[6] 25,7 Португалча Бразилия реалы
 
 
Чили Чили Республикасы CHL Сантьяго 756,102 км22[5] 372[5] 19,493,184[6] 24,5 Испанча Чили песосу
 
 
Колумбия Колумбия Республикасы COL Богота 1,138,910 км22[5] 252[5] 51,516,562[6] 43,3 Испанча Колумбия песосу
 
 
Эквадор Эквадор Республикасы ECU Кито 283,561 км22[5] 732[5] 17,797,737[6] 61,7 Испанча АКШ доллары
 
 
Гайана Кооперативдик Гайана Республикасы GUY Жоржтаун 214,969 км22[5] 852[5] 804,567[6] 3,7 Англисче Гайана доллары
 
 
Парагвай Парагвай Республикасы PRY Асунсьон 406,752 км22[5] 582[5] 6,703,799[6] 18,3 Испанча, гуараниче Парагвай гуараниси
 
 
Перу Перу Республикасы PER Лима 1,285,216 км22[5] 192[5] 33,715,471[6] 25,2 Испанча, кечуача, аймарача Перу солу
 
 
Суринам Суринам Республикасы SUR Парамарибо 163,820 км22[5] 902[5] 612,985[6] 3,9 Нидерландча Суринам доллары
 
 
Уругвай Чыгыш Уругвай Республикасы URY Монтевидео 176,215 км22[5] 882[5] 3,426,260[6] 19,4 Испанча Уругвай песосу
 
 
Венесуэла Боливариана Венесуэла Республикасы VEN Каракас 912,050 км22[5] 322[5] 28,199,867[6] 33,5 Испанча Венесуэла боливары
 

Көз каранды аймактар

түзөтүү
Желеги Аталышы ISO Борбору Кайсы мамлекетке баш ийет Аянты Калкы Тили Карта
 
Гвиана GUF Кайенна   Франция 83,534 км2[7] 294,071 Французча
 
 
Фолкленд аралдары FLK Порт-Стэнли   Улуу Британия 12,173 км2[7] 3,398 Англисче
 
 
Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары SGS Кинг-Эдуард-Пойнт   Улуу Британия 3,903 км2[7] Туруктуу жашаган калкы жок[8] Англисче
 

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү