Түштүк Теңир-тоо - Ат-Башы - Эңилчек жаракасынын түштүгүндө жаткан, герцин бүктөлүү мезгилинде пайда болгон тектон. аймак.

Структураны 1933-ж. В. А. Николаев бөлгөн. Аймак геол. түзүлүшү боюнча эвгеосинклиналь жана миогеосинклиналдарга бөлүнөт. Эвгеосинклиналдык түзүлүштөр Түштүк Теңир-Тоонун түндүк (Түштүк Фергана - Жаңы Жер, Эңилчек структура-фациялык тилкелери) жана түштүк (Гиссар - Чыгыш-Алай фациялык тилкеси) бөлүктөрүндө жайгашкан. Мында силур, карбондун башталышында пайда болгон ультранегиздүү, негиздүү жана орто интрузиялар, кремнийлүү тоо тектер, карбонат жана терриген чөкмөлөрү кеңири тараган. Түштүк Теңир-тоонун калган бөлүгүндө миогеосинклиналдар жайгашып, анын геологиясын силур менен карбондун башталышында пайда болгон карбонат жана терриген чөкмө тоо тектери, ортонку карбон - пермдин флиш, моласс чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан гранитоиддер түзөт. Түштүк Теңир-тоопалеозой заманынын аягында Ортонку Теңир-Тоо менен бирге тоолуу өлкөгө айланган. Түштүк Теңир-тоо бүктөлүү структуралары кеңдик багыттан (Түштүк Фергана) мердиан багытында (Чыгыш Алай, Фергана тоо тизмеги) чыгыштан түндүк-чыгышка (Ат-Башы, Какшаал кырка тоолору) «S» тамгасына окшош структураны - Фергана сигмоидин түзөт. Сигмоид Талас - Фергана жаракасы менен өзгөрүлгөн. Фергана сигмоидин алгач И. жана Д. Мушкетовдор бөлгөн. Кийин бул тоолор үбөлөнүп пенепленге өткөн. Палеогендин аягында палеозойдун бүктөлүү системалары көтөрүлүп, кайрадан тоо кыркалары пайда болот. Түштүк Теңир-тоодо сымап, сурьма, коргошун, калай ж. б-дын кендери бар (Түштүк Теңир-Тоо металлогениясы). Too аралык ойдуңдарындагы мезозой-кайнозой чөкмөлөрүнөн көмүрдүн, нефть жана газдын кендери табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4