Башбаракты ачуу

Түштүк океан, Антарктика океаны - Дүйнөлүк океандын шарттуу бөлүнгөн бир бөлүгү.

Океандын түштүк чеги Антарктида материгинин жээгинен, түндүгү 60° түштүк кеңдиктен (Батыш шамал агымынын түндүк чеги) өтөт. Орт. тереңдиги - 3500 м, эң терең жери - 8428 м (Түштүк Сандвич кобулу). Т. о-дын Антарктиданын жээктеринде жайгашкан 13 деңизи бар. Алар: Уэделла, Скоша, Беллинсгаузен, Росс, Амундсен, Дейвис, Лазарев, Рисер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымакташтык, Моусон, Д’Юрвил, Comob. Ири аралдары: Фолкленд (Мальвин), Кергелен, Түштүк Георгий, Түштүк Шетланд, Түштүк Оркней, Түштүк Сандвич. Океандын түштүк бөлүгү тереңдиги 200 м, айрым жерлеринде 500 мте жеткен материктик шельфте жайгашкан.

Түштүк океан акваториясынын бардык аймагында циклондор өнүккөн. Көпчүлүк циклондор батыштан чыгышка багытталган. Ызгаардуу катуу шамалдар согуп турат. Антарктиданын жээгинде абанын температурасы январда 0°С (Уэделла жана Росс деңиздеринде -6°С), 50° түштүк кеңдиктеги Инди жана Атлантика океандар аймагында 7°С, Тынч океан жагында 12°С чейин жогорулайт. Кышында жээк бөлүгүндө орт. температура -20°Сга (Уэдделла жана Росс деңиздеринде -30°С жетет) чейин төмөндөп, 65° (Тынч океан жак аймагында) жана 55° (Атлантика океаны жагында) түштүк кеңдиктерге чейин тоңот. Түштүк океандын негизги өзгөчөлүгү Батыш шамал агымында. Антарктиданы бойлой аккан бул агым, дээрлик бүт суу катмарын батыштан чыгышка багыттап, жалпы Жер шарынын климатына таасирин тийгизип турат. Батыш шамал агымы - дүйнөдөгү эн чоң агым (чыгымы көп жерлеринде 130 млн м3/сек). Анын түндүк чеги субтропиктик конвергенция аймагына (үстүнкү муздак жана тыгыз суу субтропиктен келген, тыгыздыгы азыраак суунун алдына чөккөн зона) дал келет. Батыш шамал агымынан төмөн Батыш жээк агымы калыптанат. Антарктиданын жээгинде муздак жана тыгыздыгы жогору суу массалары пайда болот. Алар океандын тереңиндеги агымдар менен алыскы түндүккө чейин таралат. Түштүк океан дын муз каптоосу Батыш жарым шарда көбүрөөк катталып, негизинен өзгөрүлмөлүү; сентябрь - октябрда анын аянты 18-19 млн км2' ди, ал эми январь - февралда 2-3 млн км2дя түзөт. Калкыма муздардын орт. кендиги 30° батыш узундукта 2000 гсмдеи, 90-150° батыш узундукта 250-550 кмге жетет. Антарктикалык муз калканынан ажыраган муздар айсбергдерди пайда кылат.

Түштүк океанда алардын саны 200 миңден ашык. Айсбергдердин орт. уз. 500 м болот, бирок уз. 180 км жана туурасы ондогон кмге жеткендери да кездешет. Айсбергдер океанда орт. 6 жыл, айрымдары 12-15 жыл бою калкып жүрүшү мүмкүн. Климаттык шартынын катаалдыгына карабастан, Түштүк океан түрдүү жандыктарга бай. Анда фито жана зоопланктондун ири массасы, криль, былпылдактар, ийне терилүүлөр, балыктардын бир нече түрлөрү бар. Канаттуулардан бороончу, каракчылар жана пингвиндер мүнөздүү. Океанда киттер (көк, финвал, сейвал, горбач ж. б.) жана түлөндөр (Уэдделл түлөнү, деңиз жолборсу, деңиз мышыгы) көп кездешет. Кит уулоого тыюу салынган. Криль, майда деңиз рактары жана балык кармалат. Түштүк океанды алгач 1650-ж. голл. географ Б. Варениус бөлүп көрсөткөн. Океан 20-кылымдын 1-чейрегине чейин көпчүлүк карталарга жана атластарга түшүрүлүп, бирок Антарктида материгинин аймагы катары каралып келген. Эл аралык гидрогр. уюм тарабынан Атлантика, Инди жана Тынч океандарынын түштүк бөлүктөрүнүн суу жана атм. циркуляцияларынын өзгөчөлүгү, таманынын рельефинин мүнөзү, жаныбарлар дүйнөсүнүн уникалдуулугу эске алынып, расмий түрдө 2000-ж. «Түштүк океан» деген аталыш кабыл алынган. Түштүк океан учурда, Жер шарындагы эң аз изилденген жана илимий жактан көп кызыгууларды жараткан объект болуп саналат.


Колдонулган адабияттарОңдоо

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4