Түшүмдүүлүк - айыл чарба өсүмдүгүнүн аянт бирдигинен жыйналган түшүмү.

Ал 1 гадан алынган түшүм ц менен эсептелет. Пландоо, эсептөө жана экон. талдоо жүргүзүүдө Т-түн бир нече көрсөткүчтөрү пайдаланылат. Потенциялдык Түшүмдүүлүк - сорттун продукттуулук мүмкүнчүлүгүнө жараша 1 га жерден алынуучу продукциянын максималдуу өлчөмү. Аны илимий изилдөө мекемеси, мамлекеттик сорт участкасы, алдынкы чарбалар абдан жакшы жана кадыресе шартка ылайык эсептейт. Бул сорт түрүн жана дыйканчылык тармактарынын структурасынаныктоогожардамберет. Пландуу Түшүмдүүлүк - чарба шартында 1 га жерден алууга мүмкүн болгон продукция эсеби. Сорттун потенциялык мүмкүнчүлүгүнө, Түшүмдүүлүктүн жетишилген деңгээлине, топурак күрдүүлүгүнө, чарбанын тех. жана жер семирткич менен камсыз болушуна жараша өсүмдүк эгилгенге чейин эсептелет.

Пландуу Түшүмдүүлүк- айыл чарба ишканасынын өндүрүштүк-финансы планынын көрсөткүчү. Болжолдуу Түшүмдүүлүк бир гадан ц менен же өсүмдүк өсүшүнүн айрым этабында (өсүмдүктүн жыштыгы, жалпы абалы боюнча) шарттуу (жог., орт., аз, өткөн жылдагы Түшүмдүүлүктүн деңгээлинде) аныкталат. Көрсөткүч агротех. иштерди пландаштырууда пайдаланылат. Бир өсүмдүк Түшүмдүүлүгү (биол. Түшүмдүүлүк) – оруп жыйноонун алдындагы талааадагы даяр продукция өлчөмү. Чарба адиси жана мамлекеттик статистика органдары аныктайт. Бир га жерден н акай алынган түшүм - жыйналган жана эсептелген продукция. Адегенде 1 га жазгы айдоо жерге эсептегенде таза салмакта аныкталат. Түшүмдүүлүк климатка, топуракка, микробиол., биол., агротех., уюштуруу-экон. ж. б. шарттарга жараша болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4