Түшүндүрмө издебе (фильм)

"Түшүндүрмө издебе" - 1982-жылы "Кыргызфильм " киностудиясында режиссёр Жали Сооданбек тарабынан тартылган советтик тасма.

Түшүндүрмө издебе
Кинокомпания

Кыргызфильм

Жылы

1982-жылы

Жазуучу Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” повестинин негизинде тартылган лирикалык драма.

Сюжети түзөтүү

Ата - энесиз Салия онунчу классты аяктагандан кийин ,дароо өзү сүйбөгөн өгөй энесинин үйүнөн кенчилердин айылына кетип, таякеси менен жашайт. Жолдо келе жатып таякеси менен бир шахтада иштеген сулуу жигитке жолугат. Боорукер жана аң көңүл Азим кыздын ишке орношуусуна жана институттун кечки даярдоо курсуна тапшыруусуна жардам берет. Жаш жана адамдык мээримге муктаж Салия Азимдин бул жакшылыгын башкача түшүнөт . Бул анын биринчи жалындуу сүйүүсүнө ачык жооп экенине ишенет. Бирок жаш инженер Жамиля аттуу кызды жакшы көрөт жана башка кызды ойлобойт. Кокустан Азим менен Жамилянын сүйүүсүн билген Салия катуу кайгыга батып, ага баары чыккынчылык кылып, кайра жалгыз калгандай сезилет...

Ролдордо түзөтүү

  • Венера Ормушева — Салия
  • Аман Камчибеков — Азим
  • Айтурган Темирова — Джамиля
  • Сергей Борисов — Иван Яковлевич
  • Лариса Любомудрова — секретарь
  • Мира Далбаева — секретарь
  • Медель Маниязов — Бахтияр байке
  • Зоя Молдобаева — Алмаш жеңе
  • Сухраб Асраров — Арстанбек
  • Турсун Темиркулов — Идрис
  • Александра Хонг — Дамира
  • Гулайым Каниметова — эпизод