Төбөй - сол канаттагы ири уруулардын бири.

Академик Б.Ө. Орузбаева этнонимди «төө» маанисинде чечмелеп, сөз катары байыркы формасын (Tewaj) сактап калгандыгын белгилейт.

Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» «tew», «tewaj» формасында берилип, «төө» дегенди аныктайт. Этнонимдин чыгыш теги Борбордук Азиядагы көпчүлүк көчмөн элдер ыйык жаныбар катары сыйынышкан төөгө байланыштуу келип чыккан десе болот. Бул уруунун өкүлдөрү Акталаа, Нарын, Кочкор, Ат-Башы, Сузак, Өзгөн, Талас аймактарында жашап келишет. Негизги уруктары: калдо, карабаш, мурат, чалай, кызыл тебетей ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.