Төбө-КоргонОш областынун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу.

Деңиз деңг. 570 м бийиктикте. Райондун борбору Араван кыштагынан 12 км түндүк-батыш тарапта. Ленин т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 18 км. Кыштак 20-кылымдын башында негизделген. Калкы 7560 (2012); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, кой багат. Үч орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, мечит, ФАП, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматы, чакан менчик цехтер, соода жайлары, базарча иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4