Төлгө - төлгө ачуу. Төлгө салуу деп дагы айтыла берет. Айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн билүү менен,кандайдыр бир буюмдардын,кубулуштардын жана башка белгилердин жардамы аркылуу алдыда боло турган окуяны,анын мүнөзүн алдын ала чечмелеп берүү.Төлгө көбүнчө кырк бир таш,койдун далысы,ашыгы жана башка буюмдар менен,жылдыздардын асмандагы жайгашуусуна карай ачылат.

«Святкалык төлгө салуу.». Маковский К. Е. 1900-е.

Төлгөчүлөр кырыз фольклорунда кеңири кезигет. "Манас" эпосунда Манас баатырдын бир чоросу - Кара Төлөк төлгө ачып берип турат. Төлгө салуунун элдик фолклордогу эң кеңири таанымал мисалы - бул Каныкейдин Тайторуну төлгө кылып чапканы. Манастын уулу Семетей 12 жашка толгондо энеси Каныкей атасы Манастай болоор бекен деген үмүт менен Тайторуну ат чабышка кошот. Эгерде Тайтору жеңсе Семетей атасындай эр болот дегени же төлгөнүн төп түшкөнү. Эпостун бул эпизоду аудио, видеого С. Каралаевдин айтуусунда жазылып калган жана манасчынын эң бир мыкты аткарган окуясы катары эсептелет.

Төлгө салуу – кандайдыр бир нерселерге тез ишенүүчү адамдар тарабынан өткөн окуяларды же боло турган иштерди алдын-ала билүү үчүн төлгөчүлөргө кайрылуу. Мисалы, таш менен төлгө тартуу, жылдыздар, асман телолору аркылуу эсептөө, далыны окуу, карта жана кофе тунмасы менен төлгө ачуу ж. б. Ошондой эле бал ачуунун кеңири тараган формасы – адамдын алаканындагы чиймелер аркылуу келечегин айтуу исткусствосу эсептелет (кара, Хиромантия).

Төлгөсү төп түшүү - айтлыган тилек менен тартылган төлгөнүн туура, ачык чыгышы.

Төлгө саалуунун түрлөрү түзөтүү

Далы кароо. Койдун эти бышып, желгенден кийин, таза мүлжүнгөн далысын алып отко кактайт. Сөөк ысыганда пайда болгон элестерди төлгөчү (бакшы) чечмелеп болочок окуялардан кабар берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004