Төлөгөн Абдыкаров - Кара-Буура районунун Буденный айылында 1935-жылы 1-майда туулган. Жазуучу, публицист. 1954-жылы Пишпек айыл чарба техникумун бүтүрүп, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол районунда башкы агроном, 1956–1958-жж. Кыргызстан ЛКСМ Киров райкомунда инструктор болуп иштеген. 1958–1963-жж. Москвадагы Мамлекеттик тарых-архив институтунун студенти болгон. 1963–1983-жж. Кыргыз ССРинин Борбордук архивинин директорунун орун басары, андан кийин Ош облустук аткаруу комитетинин архив бөлүмүнүн башчысы болгон.

Төлөгөн Абдыкаров

1983–1993-жж. Кыргыз ССРинин Башкы архив башкармасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору, 1998–2004-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин Архив боюнча департаментинин директорунун орун басары, 2004–2006-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын бөлүм башчысы, төраганын кеңешчиси болуп иштеген.

1998-жылдан Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсионер. Биринчи даректүү очерки 1969-жылы «Жалындуу жүрөктөр» деген ат менен «Мектеп» басмасынан басылып чыккан. Автордун 200дөн ашык макалалары гезит-журналдарга басылган.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам ыйгарылган.

1976-жылы Кыргыз ССРинин Президиумунун Ардак грамотасы жана «Даңк» медалы менен сыйланган. «СССРдин архив ишинин отличниги».

1994-жылдан Журналисттер союзунун, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде

  • Жалындуу жүрөктөр: Очерк. – Ф.: Мектеп, 1969. – 42 б.
  • Т.Айтматов Кыргызстандын түштүгүндө: Очерк. – Жалал-Абад, 1993. – 20 б.
  • Т.Кулатов: Очерк. – Б.: Басма-Тамга, 1998. – 34 б.
  • Б.Исакеев: Очерк. – Б.: Кант, 1998. – 37 б.
  • Кыргызстандын тарыхынын баракчалары: Макалалардын жыйнагы. – Б.: Басма-Тамга, 1998. – 260 б.
  • Мезгил жана окуялар. – Б.: Басма-Тамга, 2003. – 78 б.
  • Аалы Токомбаев жана фронтовик жазуучулар. – Б.: Басма-Тамга, 2004. – 148 б.
  • Элге арналган өмүр: Документалдуу повесть. – Б.: Басма-Тамга, 2005. – 160 б.
  • Теги терең элдин уулу (Сын славных предков): Тарыхый повесть. – Б.: Басма-Тамга, 2008. – 287 б.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.:2011. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.