Төлөк (дарыя)

Төлөк‎»‎ барагынан багытталды)

Төлөк - Төлөк–Жоонарык суусунун сол куймасы.Узундугу 43 км, алабынын аянты 382 км2. Кызарт тоосунун чыгыш капталынан башталат.Жогорку агымында Кашка суу аталып,капталдары тик,кууш өрөөн аркылуу агат.Ири куймалары: Калмак ашуу, Музтөр, Кең суу, Көксай (оң), Чолой (сол). Негизинен мөңгү (20%),кар (14 %),булак (62 %) сууларынан куралат.Жылдык орточо чыгымы 2 ,09м3/с ек. Эң көп чыгымы июнь–июлда (7,81м3/сек),эң азы декабрда (0,53 м3/сек) байкалат.Май айында кире баштап, августта тартылат.Сугатка пайдаланылат.Жээгинде Төлөк кыштакта жайгакан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү