Төрөбеков Нурлан Надирович

Нурлан Надирович Төрөбеков (1969-жылдын 24-февралда Кыргыз Республикасынын Фрунзе шаарында төрөлгөн) - КРнын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты

Өмүр жолу түзөтүү

1976-жылы Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 мектептин биринчи классына барып, 1986-жылы орто мектепти бүтүргөн. 1986-жылы, мектепти аяктагандан кийин IV разряддагы электромонтер катары Фрунзе шаарынын ведомтствук эмес охранасынын Ленин райондук бөлүмүндө иштеген. 1987-жылы Совет Армиясынын чек-ара аскер күчтөрүнө чакырылган. 1988 – 1989-жылдары 40-армиянын курамында 5-мотоманеврдүү тобунда, противотанковый отделениесинин командири катары аскер кызматын Ооган жеринде өткөн. Аскер наамы – сержант. Күжүрмөн окуяларга катышкан. 1989-жылы Советтик Армиянын катарынан кызмат мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Ооган территориясында күжүрмөн окуяларына катышуусу үчүн Өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган. Совет Армиясынан бошогондон кийин «Кыргызавтомаш» заводунда IV разряддагы электромонтер катары ишин уланткан. 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине окууга кирип, 1992-жылы үй-бүлөлүк себептер менен академиялык отпуск алган. 1999-жылы юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз республикасынын коргоо министринин буйругу менен запастын «лейтенанты» деген аскер наамы берилген. 1992 – 1995-жылдары жеке ишкерчилик менен алектенген. 1995-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жардамчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы социалдык суроолор боюнча төраганын орун басары кызматына которулган. 1996-жылдын февраль айынан баштап 2000-жылдын февраль айына чейин Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председателинин милдетин аткарып келген. 2000-жылдын 26-февралында жалпы республикалык конференцияда Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председатели катары 5 жылга шайланган. 2005-жылдын 4-июнунда жана 2009-жылдын 7-декабрында отчеттук-шайлоо конференцияларында дагы эки жолу Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председатели катары шайланган. Ардагерлер кыймылына салган чоң салымы, Баткендеги күжүрмөн окуяларга катышуусу, «А» батальонун түзүлүүсүнө, КМШ жана Орусия федерациясынын ардагерлер уюмдары менен байланыштарды, эмгектештикти бекемдөөгө салган чоң салымы үчүн Өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган. Үй-бүлөлүү. Келинчеги - Чалова Милана, үй кызматында. Төрт баланы тарбиялап өстүрүүдө.