Төрөбеков Сүйүтбек Сатымбекович

Сүйүтбек Сатымбекович Төрөбеков (1957) - кыргыздын заманбап сүрөтчүсү.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Сүйүтбек Сатымбекович Төрөбеков 1957-жылы 12-февралда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кызыл-Адыр (мурдагы Киров) кыштагында туулган.


Төрөбеков, Сүйүтбек Сатымбекович, сүрөтчү. 1957-жылы 12-февралда Талас облусунун Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы Кызыл-Адыр кыштагында туулган. 1973-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек) Көркөм өнөр окуу жайына (азыр С.А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайы) кирет.

Аны бүткөндөн кийин 1978-жылы Ленинграддагы (бүгүн Санк-Петербург) И.Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтуна кабыл алынып, окууну 1984-жылы аяктайт. Ошондон тарта түрдүү өлкөлөрдөгү жана жергиликтүү көргөзмөлөргө катышып, эмгектери баш байгелер менен сыйланган.

Кылчебердин эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи, СССР сүрөтчүлөр союзу, Москванын көркөм өнөр көргөзмөлөр башкармалыгы жана башка галереялар, көптөгөн чет элдиктер тарабынан сатып алынган.

С. Төрөбеков тарткан портреттер, көркөм өнөр таануучу Сарман Асанбековдун жазышынча, баарынан да «адамдын ички дүйнөсүн терең жана кеңири ачып берет».

Сүрөткер кыргыздын улуу инсандарын, анын ичинде айтылуу манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин, опера ырчылары Кайыргүл Сартбаева менен Токтоналы Сейталиевдин, калемгер-ойчул Чыңгыз Айтматовдун, актер-живописчи Сүймөнкүл Чокморовдун, акын Омор Султановдун, коомдук ишмерлер Күлийпа Кондучалова менен Роза Отунбаеванын портреттерин тарткан.

Алардын ичинен С.Чокморов менен Р. Отунбаеванын образдары эки башка стилде ачылган жана сүрөткердин эң мыкты эмгектеринен саналат.

С.Төрөбековдун «Энеге арноо» триптихи ийик ийрип жатып, бир көз ирмемеге улуу ойго жетеленип, турмуш түйшүгүнө алкасып кеткен эненин руханий жана табигый ийгилигин, ич дүйнөсүнүн тазалыгын таамай илип алып, тунук, көзгө жугумдуу бойоктор менен түбөлүккө эстеликке калтырат. Бул триптих-кыргыз энелерине симфония.

С.Төрөбеков жогорку окуу жайды бүтүп келгенден тарта адегенде Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайында, андан кийин бүгүнгө чейин Кыргыз Республикасынын Көркөм өнөр академиясында эмгектенет. Азыр Академиянын живопись кафедрасынын башчысы, доцент.

2006-жылы Көркөм өнөр академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

1998-жылы сүрөткер-тарбиячыга «Кыргызстандын эл агартуусунун мыктысы» наамы ыйгарылган.

1973-77-жылдары Бишкек шаарындагы көркөм өнөр окуу жайында окуган.

1978-84-жылдары Санкт-Петербургдагы (Ленинград) И.Е.Репин атындагы көркөм өнөр академиясында таалим алган.

1998-жылдан азыркыга чейин Кыргызстандык Улуттук көркөм өнөр академиясында эмгектенип келет.

Учурда үй-бүлөсү менен Бишкекте жашайт. 1 кыз , 1 уулдун атасы, 2 небереси бар

Наамдары, сыйлыктары түзөтүү

1998 – Кыргызстандын билим берүү тармагынын мыктысы наамы

2001 – Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Торобеков Суйутбек Сатымбекович. Живопись. - Бишкек, 2007. - 62 с. - ISBN 978-9967-24-051-3.

Эмгектеринин тизмеси түзөтүү

  • 1983- Эненин портрети
  • 2006 - Алмуруттар

Көргөзмөлөрүнүн тизмеси түзөтүү

  • 1987 - Буркина-Фасо
  • 1988 – Орусия, Москва


  • 2007 – Германия, Франкентхал

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү