Төрөгелдиев Алтымыш - Аскердик жана коомдук ишмер, милициянын ага лейтенанты. 1949-жылы 15-январда Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында туулган.

1968-жылы Тоголок-Молдо атындагы орто мектепти аяктаган. 1969-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылып, 1971-жылы кызматын аяктап келгенден кийин, ошол эле жылы Ички Иштер тармагына катардагы милиционер болуп кызматка орношот. Ошону менен катар Бишкек шаарындагы милиция окуу жайынан билим алат. Ички Иштер тармагында, календарлык мөөнөтүн кынтыксыз өтөп, 1994-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Бир канча медаль, ардак грамоталар менен сыйланган.

Азыркы учурда коомдук иштерге активтүү катышып, айылдын тынчтыгына, өнүп өсүшүнө өз салымын кошуп келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3