Төөмоюнит (Фергана өрөөнүндөгү Төө-Моюн кенинин атынан), тюя-мунит - ванадаттар классындагы минерал, Са [U02] \+ [V04]2-8H20. Ромб системасында кристаллданат.

Өңү ачык сары, жашыл же кызгылтым. Катуулугу 2. С. салмагы 3,68. Радиоактивдүүлүгү жогору. Төөмоюниттин курамында уран бар. Экзоген кендеринин кычкылдануу зонасында башка минералдар менен бирге кезигет, ошондой эле чөкмө тоо тектердеги корнотиттер курамында бикорбанат кальций бар, суулардын тийгизген таасиринен да пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4