Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу, катышуучулардан «төө» жана «бото» болуп шайланат. Калган оюнчулар колдорун кармашып тегерек болушуп турушат. «Төө» тегеректин сыртында «бото» анын ортосунда турушат.

Оюндун баяны түзөтүү

«Төө» ачууланып буттары менен жерди таптап басып, тегеректи тегеренип «ботосун» издейт. Тегеректин ортосундагы «ботосун» көрүп «ботом, ботом тез үйгө кеттик» деп айтууга, өзү тегеректеп кирип «ботосун» кармап алууга аракеттенет. «Бото» болсо ага «жок, үйгө барбайм» деп жооп берет. Эгерде «төө» «ботону» кармап алса оюнду улантыш үчүн башка «Төө» жана «бото» шайланат. Эгерде «төө» «ботону» көпкө чейин кармай албаса оюнчулар, ачууланган «төөгө» «чек», чөк» дешип тынчытууга аракеттенишет. Бирок, ачууланган «төө» алардын айткан сөздөрүн укпастан жини келип бышкырат. Анда оюнчулар «төө» тынчтангыча, бардыгы бир убакытта «чөкчөк, чөкчөк» дешет. «Төө» тизелерин бүгүп чөккөндөн кийин оюнчулар анын жанынан колдорун кармап, бир биринин артынан катар болуп өтүшөт. «Төө» кармап калууга аракеттенет. Биринчи кармалган оюнчу «төө», андан кийинки «ботонун» ролун аткарат. Оюн кайрадан башталат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланат. «Ботосун» кармап алган «төө» оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Кармашкан колдорун коюп жиберүүгө колдорду күчкө салып ажыратууга, «ботого» «төөгө» жакындоого болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Шамдагайлык тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү