Токтоболот Абдумомунов

Т. Абдумомунов‎»‎ барагынан багытталды)
Токтоболот Абдымомунов Суперсаякович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Токтоболот Абдымомунов
Туулган жылы: 15-август, 1922-жыл
Туулган жери: Атаке айылы, Кемин району, [[Аламышык обл], Кыргызстан
Өлгөн жылы: 26-декабрь 1989-жыл
Өлгөн жери: Бишкек, Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, кинодраматург, жазуучу
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Токтоболот Абдумомунов — драматург, жазуучу, коомдук ишмер.Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

Өмүр жолу түзөтүү

Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.
1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.
Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталат.
Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Т.Абдымомунов – чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйлыгы уюшулган (1991-жыл).

Чыгармачылыгы түзөтүү

 
Токтоболот Абдымомунов

Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл). Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери
Кыргыз эл жазуучусу
Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси

Булактар түзөтүү

  • «Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы.» Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004
  • Кыргыз совет энциклопедиясы. 1-том, Фрунзе, 1976-ж.
  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1995-ж. ISBN 5 – 89750 -083 – 5
  • Жаныш Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987

Тышкы шилтемелер түзөтүү