Морган Томас Хант

Т. Морган‎»‎ барагынан багытталды)

Морган Томас Хант (Thomas Hunt Morgan, 25. 9. 1866, Кентукки, Лексингтон – 4. 12. 1945, Калифорния, Пасадена) – амер. биолог, генетиканы түзүүчүлөрдүн бири, АКШ Улуттук ИАнын президенти (1927–31), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1932). Кентукки (1885) жана Ж. Хопкинс (1891) университеттерин аяктаган. Брин-Мор кыз-келиндер коллежинде (1891–1904), Нью-Йорктогу Колумбия университетинде (1904–28) профессор Пасадендеги Калифорния техникалык институтунун биология лабораториясын жетектеген (1928– 45). Моргандын эмгектери негизинен эксперименттик эмбриологияга, регенерацияга жана жаныбарлардын жынысын аныктоого арналган. Морган жана анын кесиптештери ачкан гендин чиркелиши жана кроссинговердин закон ченемдүүлүгү Мендель мыйзамынын цитол. механизмин түшүндүрүп, табигый тандоонун генетикалык теориясын түзүүгө алып келген. Нобел сыйлыгынын лауреаты (1933).

Томас Хант Морган.

1900-жылдан баштап, Морган жынысты аныктоо көйгөйүнүн үстүндө иштей баштаган, ал буга чейин Нетти Стивенс Y хромосомасынын жыныска тийгизген таасирин тапканда четке каккан.

Булактар түзөтүү