Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы

Кыргыз улуттук филармониясы Т. Сатылганов атындагы — кыргыз эл ырлары менен күүлөрүн, дүйнө элдеринин музыкалык маданиятын угуучулардын калың катмарына жайылтууга концерттик ишмердигин багыттаган мамлекеттик мекеме. 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз музыкалык драма театрында П. Шубиндин жетекчилиги менен 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчулар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, кийинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манасчылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акындар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Орозов, Ш. Аралбаев ж. б.) турган Кыргыз эл аспаптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы концерттик топ түзүлгөн. Ал республикада биринчи өткөрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү менен толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936-жылдын 29-октябрында Кыргыз мамлекеттик филармониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси композитор В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дунган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри ж. б. түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркестри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хормейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, бий ансамблдери, ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуучуларына терең таасир калтырган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1940-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен филармонияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн экинчи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл аспаптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор катышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыгармачылык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томотоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден турган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Кожомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Арашан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчиси К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспаптык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), музыкалык лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипкачылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), ошондой эле ырчылар Э. Турсуналиев, С. Токтакунова, 3. Үсөнбаев, А. Айталиев, Т. Абдиев, Э. Мойдунов, А. Ибраев, У. Полотов, С. Садыкова, манасчы У. Мамбеталиев, арт. Г. Валиуллина, 3. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Сапаралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Мадиева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөталиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев ж. б. иштешкен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто жана жогорку музыкалык билими бар таланттуу жаштар менен толукталууда. Кыргыз улуттук филармониянын 1200 орундуу чоң жана 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симфониялык оркестринин, СССР бий ансамблинин ж. б. чыгармачыл коллективдердин концерттери өткөн. 2001 ж. филармонияга улуттук статусу берилген. Учурда филармонияда 376 адам иштейт (2009), анын ичинде К. Орозов атындагы академиялык кыргыз эл аспаптар оркестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» камералык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсенгулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосартов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, 3. Үсөнбаев (2010-жылдан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү