Убактылуу сактоо кампалары

Убактылуу сактоо кампалары – бажы укугунда товарлар жана унаа каражаттары КР бажы органына алып келгенден тартып андан чыгарылганга чейин жайгаштырылуучу (бажы көзөмөлү астында убактылуу сактоо үчүн) атайын бөлүнгөн жана жазалган жайлар жана орундар. У. с. к. ачык жана жабык типте болушу мүмкүн. Ачык типтеги У. с. к. аргандай товарды, жабык кампада сакталгандан башка учурларда, сактоого жана артүрдүү жактар тарабынан пайдаланууга арналган. Жабык түрдөгү У. с. к. б. а. белгилүү бир товарларды же белгилүү бир жактардын товарларын сактоо үчүн арналган кампаларды түзүүгө кызыкдар жактардын жүйөөлөнгөн кайрылуулары болгондо гана жол берилет. Жабык түрдөгү кампаны түзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын же унаа каражат уюмдарынын керектөөлөрүнө жооп берүүгө тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү