Убакыт (Время) – Бул философия жана физика илимдеринин негизги түшүнүктөрү. Убакыт- материянын (адам аң сезминен көз каранды болбогон реалдуулук) ошондой эле убакыт мейкиндигинин координаттарынын бири дүйнө сызыгынын физикалык катмарына чейин созулат. Убакыт бири-бирин алмаштырып турган (дүйнөдөгү кыйроо, талкалануу, жаралуу, орноо, өнүгүү ж. б.) объектилерди координациялоо (айкалыштыруу) формасы. Асман катмарларынын жолунун бөлүгү менен өлчөнгөн объективдүү убакытты, убакытты баамдоого негизделген, субъективдүү убакыттан айырмалоо керек. Убакыт кайталанбайт: бардык процесстер, жаратылыштын кубулуштары бир абалда бир жолу гана болот. Убакыттын 3 аспекти бар:

  • Окуялардын айкалыштары убактылуу жерде. Иш жүзүндө бул болуп жаткан убакыт,календарь эрежеси менен аныкталган убакыт,Күн, кандайдыр бир эсептөө системасы менен аныкталган убакыт. Мисалы:биздин өлкөдөгү убакыт, жана дүйнө жүзүндөгү айкалыштыруу убакыттары.
  • Салыштырмалуу убакыт: Эки окуянын ортосундагы убактылуу интервал.
  • Ар түрдүү жыштыктагы бир канча процесстерди салыштырууда субьективдүү мүнөздөгүч.
Убакытты көзөмөлдөө үчүн (хронометр) балансири бар астрономиялык саат колдонулат: мисалы, ойготкуч саат.

Августин менен Лейбниц айтып кеткендей, Убакыт өткөндөрдү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун жолу. Ошондуктан убакытты адамдын болмушунун шексиз өбөлгөсү катары кароо зарыл. Азыркы физика объективдүү убакытты танып, анын ордуна төрт өлчөмдүү (ченемдүү) континуумдун координатын коюшат «Тарыхый убакыт» деп аталган заман өзүнө болжол менен алты миң жылды, тарыхка чейинки убакыт – бир нече жүз миң жылдыктарды, геологиялык убакыт – бир нече миллиард жылдарды камтыйт, космостук убакыт – чексиз. Эгер адам болжол менен Жерде 550 миң жыл жашайт деп, 550 миң жылды бир күнгө барабарласак, анда 6 миң жылдык дүйнөлүк тарых 24 сааттын акыркы 16 мүнөтүн гана түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004