Убсу-Нур, Убса, Увс-Нуур - Монголия менен Тыва Республикасындагы туздуу туюк көл. Деңиз деңг. 753 м бийиктиктеги тектон. ойдуңда жайгашкан.

Чоң көлдөр чуңкурдугунун түндүгүндө. Аянты 3353 км2, туурасы 80 км, эң терең жери 20 м. Туздуулугу 18,5-19,7%о. Жээги жапыз, чөлдүү, камыш өскөн саздак жерлер кездешет. Ноябрдан майга чейин тонот. Негизги куймалары: Тэс, Нарийн-Гол ж. б. Көлдө балыктын 29 түрү кездешет. Ошондой эле куштардын 173 түрү уялап, сүт эмүүчүлөрдүн 41 түрү байырлайт. Жээгинен енисей кыргыздарынын, хунндардын жана моңголдордун коргондору, петроглифтер, рун жазуулары табылган. 2003-ж. Бутпкүл дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4