(КУБАТБЕК У.)

(1905–1973)

Жазуучу, котормочу, журналист Айткулу Убукеев Пржевальск уездиндеги Кереге-Таш айылында 1905-жылы туулган. 1921-жылы мугалимдерди даярдоочу алты айлык курсту аяктагандан кийин Кереге-Таш айылында башталгыч мектептин мугалими болот.

1925-жылдан баштап А.Убукеев «Кызыл Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, «Ленинчил жаш» гезитинин жооптуу редактору, 1928–1930-жж. комсомолдун Каракол кaнтондук комитетинин катчысы, 1932-жылга чейин, «Кызыл пахтачы» гезитинин жооптуу редактору болуп, пар-тиялык жана советтик кызматтарды аткарып, 1935–1937-жж. Москва шаарындагы Советтик курулуштун жогорку курсунда окуйт. Окууну бүткөндөн кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында иштейт. 1955 – 1965-жж. «Чалкан» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү, редактору, башкы редактору болгон.

1964-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасынан А.Убукеевдин «Чыр-Дөбө» Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine аттуу повести кыргыз тилинде 1974-жылы орус тилинде чыгат. Ал эми алгачкы «Жыргал» аңгемелер жыйнагы 1954-жылы жарык көргөн.

Ал У.Кубатбек деген псевдоним менен жүз элүүдөн ашык фельетондорду жана жүздөн ашык очерктерди жазган.

1942-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1930-жылдан СССР Журна-листтер союзунун мүчөсү болгон.

А.Убукеев «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен, СССР Журналисттер союзунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде
  • Жыргал: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 120 б.
  • Койчуман: Аңгемелер жана очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955 – 92 б.
  • Арнамыстын уулу: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 172 б.
  • Байлык. «Акыл оошот, ырыс жугушат»: Очерктер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 58 б.
  • Саякат: Аңгемелер, фелъетондор, очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 374 б.
  • Кыз-жигит. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 132 б.
  • Бешик баласы беш түлөйт. Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупед-мамбас, 1961. – 124 б.
  • Чыр-Дөбө: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 258 б.
  • Курандын сөзү кудайдыкыбы? Аңгемелер өспүрүмдөр үчүн. – Ф.: Мек-теп, 1965. – 90 б.
  • Чыр-Дөбө: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 388 б.(жеткиликсиз шилтеме)
  • Жакшынын шарапаты. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 130 б.
  • Куйругу жок кулаалы: Фельетондордун жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1970. – 135 б.
  • Ак була: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 172 б.
  • Төрт агайын. – Ф.: Кыргызстан. 1970. – 20 б.
  • Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 486 б.
  • Саякат: Чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 464 б.
  • Аксакал: Повесть, эскерүүлөр жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 256 б.
Орус тилинде
  • Рассказы, фелъетоны. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 80 б.
  • Холм раздоров. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 224 б.

КОТОРМОЛОРУ түзөтүү

  • Кренкель Э. Т. Ширшов П. Папаиндин лагеринде. – Ф. – Казань: Кыр-гызмамбас, 1940. – 23 б.‏‎