Угуусу чектелүү балдар мектеби

Угуусу чектелүү балдар мектеби - (дүлөй жана керең балдар мектеби) – угуусунда кемчилиги бар балдар үчүн атайын окуу-тарбия мекемеси. Мектепке балдарды топтоо отоларинголог дарыгердин аудиологиялык диагнозунун жана адис сурдопедагогдун корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

Дүлөй балдар үчүн мектепте окуучулар 12 жыл окуп, толук эмес орто билим алышат. Керең балдар эки бөлүмчөгө бөлүштүрүлөт: окуучулар 12 жыл окуп жалпы орто билим алышат. Ушул эле мөөнөттө толук эмес орто билимге ээ болот. Окутуу жекече жана фронталдык иштин атайын ыкмалары кеңири пайдалануу менен атайын окуу планы жана программасы боюнча жүргүзүлөт. Аталган мектептердин атайын милдетине оозеки сүйлөөгө окутуу жана жатыктыруу, ошондой эле сөздү көз менен кабыл алууну өнүктүрүү (эрин менен окуу) кирет. Мектептин класстары үн күчөтүүчү аппараттар, окуучулар жекече уктуруу протездери менен жабдылат.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004