Удалов Николай Николаевич

Удалов Николай Николаевич (1910 – 1986) - акын.

Николай Удалов Кострома облусундагы Ивакино кыштагында 1910-жылы туулган.
1927-жылы жети жылдык мектепти Пишпек шаарында,
1934-жылы Новосибирскидеги транспорт инженерлеринин институту-нун жумушчу факультетин бүтүрүп,
1938-жылдан Н.Удалов «Комсомолец Киргизии» гезитинин адабий кызматкери болуп иштейт.
1943–1944-жж. Улуу Ата Мекендик согушта оор жарадар болуп Кыргызстанга кайтып келет да, республикадагы басмаларда иштеген.
1959–1961-жж. Москва шаарындагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Бүткүл Союздук адабий курста окуган.
1950-жылы Н.Удаловдун «Жолдоштор менен» деген биринчи ырлар жыйнагы,
1954-жылы жазуучунун биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
Н.Удалов 1947-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Н.Удаловго «Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» наамы берилген жана I даражадагы «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», <«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик со-гуштун жеңиштүү аяктаганына XX жыл», «СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «1941–1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишине 30 жыл», «Согуштун катышуучусу» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

В кругу товарищей. Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 144 с.

Горные просторы: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 328 с.

Жизнь велит. Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 194 с.

Годы боевые. Стихи и поэмы о Великой Отчечественной войне. – Ф.: Кир-гизучпедгиз, 1960. – 120 с. (Г.Дубровин, Н.Имшенецкий, Н.Удалов, С.Фиксин).

Большой Кемин: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 455 с.

Найденное имя: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 272 с.

Храбрость: Ырлар жана поэма. Жогорку класстагы балдар үчүн жазылган. – Ф.: Мектеп, 1965. – 99 с.

Нищие духом: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 427 с.

Нищие духом: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 348 с.

Судьба человека. – Ф.: Кыргызстан, 1975.

Среди друзей: Литературные портреты. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 160 с.

Памятник солнцу: Стихи поэтов Киргизии, посвященные дружбе народов. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 176 с.

Салам тебе, Кыргызстан: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 140 б. (А.Борцов, И.Волобуева, Л.Дядюченко, Н.Удалов и др.).

Тору-Айгыр: Легенды и были. – Ф.: Мектеп, 1976. – 79 б.

В кругу друзей: Рассказы о писателях Киргизии. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 272 б.

КОТОРМОЛОРУ

Шиваза Я. Менин жаңы үйүм: Повесть и роман /Дунган тилинен которгон Н.Удалов. – Ф.: Кыргызстан,1969. – 157 б.