Удмурт республикасы, Удмуртия РФтеги субъект. Ортонку Уралдын батыш бөлүгүндө, Кама менен Вятка дарыянын ортосунда жайгашкан.

Аянты 42,1 миң км2. Калкы 1,6 млн (2010). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 38,2 киши.

Борбору - Ижевск ш. (калкы 631,6 миң). Элинин негизин орустар (% менен; 58,9) менен удмурттар (32) тузөт. Ошондой эле татар, бурят ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Динге ишенгендери православныйлар (114 диний уюмдары бар), протестанттар (68) жана мусулмандар. Ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди да тутат. Адм.айм. жактан 25 районго, 6 шаарга, 5 шаарчага бөлүнөт.

Шаар калкы 69,7%. Ири шаарлары: Глазов, Сарапул, Воткинск. 1920-ж. 4-ноябрда Вот (падышалык Россиянын тушунда вотяки аталган) АОсу болуп түзүлгөн. 1932-жылдын 1-январынан Удмурт АОсу, 1934-жылдын 28-декабрынан Удмурт АССРи, 1991-жылдын 11-октябрынан азыркыдай аталат. Волга бою федерация округунун курамына кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1994-ж. кабыл алынган Удмурт республикасынын конституциясы тарабынан аныкталат. Удмуртиянын аймагы тузөңдуү, түндүгүндөгү Жогорку Кама дөңсөөсү Кама жана Вятка дарыянын өрөөндөрү менен тилмеленген. Табигый шарты элдин жашоосу үчүн жагымдуу.

Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы -14...-15°С, июлдуку 17-19°С. Жылдык жаанчачыны 400-600 мм. Эң ири дарыясы - Кама. Воткинск суу сактагычы курулган. Аймагынын 47% ин токой (карагай, көк карагай, ак кайың ж. б.) ээлейт. Нефть, чым көң, кварц куму, акиташтын кендери бар. Минералдуу суулар чыгат. Региондук дүң продукциясынын көлөму 68 млрд 9 млн рублди тузөт. Андагы өнөр жайдын үлүшү 42,7%. У. жеңил автомобилдерди, кир жуугучтарды жана металл кесүүчү станокторду чыгаруу боюнча РФте 2-, кендир буланы өндүрүүдө 5-, нефть казып алууда 9-орунду ээлейт. Кайрадан иштетүүчү өнөр жайдын башкы тармагы - машина куруу (алардын ичинен электр кыймылдаткычтар (21,3%), жеңил (4%), оор (1,9%) машиналар, аскердик коргоо иштерине жабдуулар), тамакаш, металлургия, даяр металл буюмдар, курулуш материалдар өндурүшү иштейт. Айыл чарбасысында этсүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Дан эгиндери (кара буудай, сулу, арпа, кара күрүч), тоют өсүмдүктөру, картөшкө, кендир айдалат. Автомобиль жолунун уз. 7,4 миң км, т. ж-нуку 0,8 миң км, кеме жолунуку 160 км. Кама дарыянда кеме жүрөт. Башкы порту - Сарапул. Ижевскиде аэропорт бар.

Жалпы билим берүүчү 873 окуу жайы, 108 башталгыч жана атайын орто, 15 ЖОЖ (алардын ичинен 13 мамлекеттик, филиалдар да бар), РИАнын Урал бөлүмүнүн Удмурт илимий борбору, 7 театр (алардын ичинен мызкалык, куурчак), музейлер, Воткинскиде П. И. Чайковскийдин музейчарбагы, китепкана (алардын ичинен азиздер үчүн) бар. Варзи-Ятчи курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4