Узакбаев, Талантбек Макишович

Узакбаев Талантбек

Өмүр баяны түзөтүү

Узакбаев Талантбек Макишович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
«Ар–Намыс» депутаттык Фракция мүчөсү.
Узакбаев Талантбек Макишович 1960-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.
Билими жогорку.
1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Ветеринария” факультетин аяктаган.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1978-1980 жылдары Советтик аскер катарында кызмат өтөгөн.
1977-жылы Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Барскоон” совхозуна жумушчу болуп иштеп баштаган.
Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1985-1986 жылы Жети-Өгүз районундагы Шевченко колхозунда ветеринар даарыгер болуп эмгектенген.
1986-1988 жылдары Ак-Суу районунда жайгашкан “Тургень” совхозунда ветеринар даарыгер, 1988-1991 жылдар аралыгында “Тургень” сүт товар фермасынын башчысы болуп эмгектенген.
1991-2003 жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Бата” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору болуп иштеген.
1993-2000 “Махмуд кашкари” СПнын Президенти болуп Бишкек шаарында иштеген.
2000-2003 “Бугу” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Каракол шаары.
2003-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси болуп иштеген.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Башкы ветеринар инспектору болуп дайындалган.
2005-2006 жылдары КМЫ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айыл суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалган.
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А.Дүйшеев атындагы ветеринария институтунун улук илимий кызматкери, Илимий кеңештин мүчөсүндө турат.
2010-жылдын октябрь айында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин V-чакырымына депутат болуп шайланган.
“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги”, Ветеринарияя илимдеринин кандидаты.

Шилтеме түзөтүү

http://www.kenesh.kg/Articles/526-UZAKBAEV_Talantbek_Makishovich__Frakciya_ArNamys.aspx Archived 2011-08-10 at the Wayback Machine