Узак жол — кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин 1936-жылы жарык көргөн өз өмүрүнө негизделген романы[1]. Бул чыгарма кыргыз элинин 1916-жылдагы Үркүн окуяларындагы азаптуу турмушун, орус падышачылыгына каршы көтөрүлүшүн жана андан кийин Кытайга качкандагы тагдырын баяндаган. Ал кыргыз адабиятындагы алгачкы роман болуп эсептелет[2] [3].

Узак жол
Жазуучу Элебай уулу Мукай
Тили кыргыз
Жанры Тарых, Өз өмүр баяны, Болшевик пропаганда
Басмакана Кыргызмамбас
Чыккан жылы 1936
Беттери 138

Мукай романды 1934-жылдын январында жаза баштап, 1935-жылдын октябрь айында аяктаган[4][5]. Китеп 1936-жылы басылып чыккан. Элебаев бул чыгармасын "романдын биринчи китеби" деп атаган, бул анын уландысын жазууну пландаганын билдирет. Чынында, романдын уландысы аңгемелер жана повесттер түрүндө жарык көргөн: "Кыйын кезең" (1938), "Бороондуу күнү" (1939), "Зарлык" (1941), "Сасык негар" (1937).

Чыгарманын башкы каарманы 11 жаштагы Мукайдын жашоосу аркылуу элдин тарыхый трагедиясы жана автордун жеке турмушу чагылдырылган. Китепте кыргыздардын ошол мезгилдеги оор турмушу, Кытайга качуудагы кыйынчылыктары жана жеке жашоосундагы трагедиялар реализм менен көрсөтүлгөн.

Чыгармада Мукай Элебаев, Бурмаке, Урманбет, Мамирмазин, Чоңкол, Балакурман сыяктуу инсандар өздөрүнүн түпкү ысымдары менен катышкан[6].

Бул роман социалисттик реализмге негизделген Үркүн окуясын колдонуп болшевиктердин пропагандасын жайылтат. Ал орус падышачылыгынын катаалдыктарын көрсөтөт, бирок кыргыздар жана тиешелүү улуттардын терс образдарын да камтыйт. Ал эми болшевиктер эркиндик үчүн күрөшчүлөр жана басмырланган адамдардын коргоочулары катары сүрөттөлөт, жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүдөгү ролу баса белгиленет[7].

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
  2. Abdıkulova, Roza (June 2016). "1916 Türkistan İsyanı’nın Kırgız Edebiyatına Yansıması: Ürkün" (in tr). Bilig 76: 159–178. https://dergipark.org.tr/en/download/article-file/234179. Retrieved 2024-10-01. 
  3. Doç. Dr. Mayramgül Diykanbay (2021). Kırgız Romanı: Başlangiçtan Bağımsızlığa 1917-1990 (in түркчө). Fenomen Yayınçılık. 
  4. Маликов, К. Узак жол тууралуу, Кызыл Кыргызстан (4.11.1937).
  5. Tarlacı, Onur (2020). "Mukay Elebayev’in “Uzun Yol (Узак Жол)” Romanında Kırgız Kültürünün İzleri". INTERNATIONAL JOURNAL OF VOLGA - URAL AND TURKESTAN STUDIES (IJVUTS). https://www.academia.edu/42099322/Onur_TARLACI_Mukay_Elebayev_in_Uzun_Yol_%D0%A3%D0%B7%D0%B0%D0%BA_%D0%96%D0%BE%D0%BB_Roman%C4%B1nda_K%C4%B1rg%C4%B1z_K%C3%BClt%C3%BCr%C3%BCn%C3%BCn_%C4%B0zleri. 
  6. İbrahim Kubilay ŞİMŞEK. 1916 ÜRKÜN OLAYLARININ UZAK COL (UZUN YOL) ROMANI ÜZERİNDEN DEĞERLENDİRİLMESİ. https://www.researchgate.net/profile/Esra-Canpolat-Goekce/publication/325450365_ORTA_ASYA_ULKELERINDE_YOLSUZLUK_VE_GELIR_ESITSIZLIGI_ARASINDAKI_ILISKI/links/5eea081592851ce9e7ea9671/ORTA-ASYA-UeLKELERINDE-YOLSUZLUK-VE-GELIR-ESITSIZLIGI-ARASINDAKI-ILISKI.pdf#page=108. 
  7. Gülenay, H. (2023). "Kırgızların İlk Romanı Uzak Col’da Ötekileştirme ve İdeolojik Propaganda". Korkut Ata Türkiyat Araştırmaları Dergisi 12: 668–682. https://doi.org/10.51531/korkutataturkiyat.1326425.