Узатуу ырлары - каада-салт ырларынын бир түрү.

Эпостук чыгармаларда элин коргогон баатыр сапарга, жортуулга чыкканда Узатуу ырлары ырдалган. Мис., «Төштүк» эпосунда Төштүк сыйкырдуу, «касиеттүү» өгөөнү издеп жолго чыгарда эл аны өтө аяган сезимдери, чын жүрөктөн чыккан ак ниет тилектери менен узатышкан. Ошондой эле күйөөгө узап жаткан кызга эжеси, жеңеси башка, үй-бүлөдө өзүн кандай алып жүрүүсү, жөнүндө акыл-насаат айтышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4