Узденова Мариям (1928-жылы туулган, Совет району, Кашка-Тоо кыштагы) — саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1969-жылдан КПСС мүчөсү. 1948-жылдан Сузак районундагы В. И.Ленин атындагы колхоздо саанчы. 1965-жылы өзүнө бекитилген 16 уйдун ар биринен 3368 кг дан, 1979-жылы 6000 гсгдан сут саап алып, пландык милдеттенмелерин дээрлик 2 эсеге ашык аткарган. 1971—80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.