Узунакмат жүзүмү (лат. Vitis usunachmatica, Vass) - Узундугу 25–30 м ге жеткен лиана. Жалбырактары негизинен тегерек сымал, 3– 5 айчыктуу же бөлүктүү, түксүз же асты жагы түктүү. Гүлдөрү эки жыныстуу, чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү 5–10 мм диаметрде, кара-кызгылт-көк, мала кызыл, жашыл-мала-кызыл, жашыл, ширелүү эттүү, таттуу же кычкылтым-таттуу, кээде жеңил тиш кууручу даамдуу. Уругу тескери алмурут сымал.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Табигый шарттарда май айында гүлдөп, августтун аягы – сентябрда мөмөсү бышып жетилет. Уругу аркылуу көбөйөт. Чыбыгы менен табигый шартта көбөйүүсү байкалган эмес. Чыбыгы тамыр байлайт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Узунакмат тоо кыркасында өсөт. Чаактоо, Фергана жана Чаткал тоо кыркаларында чектелген аянттарда учурайт.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо кыркалардын, капчыгайлардын сайларында, ойдуң жерлеринде өсөт.

Саны түзөтүү

Чектелген, аз санда.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Территорияларды интенсивдүү өздөштүрүүдөн жана мөмөлөрүн чексиз үзүп чогултуудан жабыркайт.

Өстүрүү түзөтүү

1956-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ботаникалык багында өстүрүлүп келет. Вегетациясы апрелдин аягы, майдын башында башталат. Май айынын орто ченинде гүлдөп, мөмөлөрү сентябрда бышат. Кээбир экземплярлары көмүүсүз (жабуусуз) эле кыштайт. Ташкөмүр шаарында, Каракөл кыштагында менчик чакан аянттарда өстүрүлөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган (1985). Разансай капчыгайында ботаникалык заказник уюштурулган, анда өскөн Узунакмат жүзүмү менен кошо башка сейрек учуроочу түрлөр коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Разансай капчыгайында түрдүн азыркы кездеги популяциясынын абалын аныктоо зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Батыш Тянңшандын эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү