Секирүү , ыргытуу, түртүү көнүгүүлөрү чуркоого, басууга караганда дем алуу жана кан айланууга азыраак таасир этет. Бирок бул ылдамдыкты жана күчтү талап кылган көнүгүүлөр тез, ийкемдүү, так кыймылдарды өнүктүрөт. Ар тараптан өсүү үчүн жеңил атлетиканын бир нече түрү менен машыгуу (айрыкча балдар) талапка ылайык. Алардын бири Жеңил атлетика спортунун бир түрү катары белгилүү. Жеңил атлетиканын көп түрү өз кучагына алган көнүгүүлөрдүн санына жараша үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз жана он түргө айырмаланат. Аялдар жана балдар үчүн чуркоо аралыктары азыраак, ыргытуучу, түртүүчү снаряддар жеңилирээк болот. Мындай татаал программадагы мелдештер спортсмендерден ар тараптуу даярдыктарды талап кылат. Балдардын Жеңил атлетика менен машыгуусу 11 —12 жашынан акырындык менен чуркоодон (кыска аралыктарга) башталат. Мелдештерге катышууга 1 жана 1,5 жыл такай машыгуулардан кийин уруксат берилет. Жеңил атлетика менен машыгуудан мурун сөзсүз врачтын текшерүүсүнөн өтүү керек. Ар кандай кырсыктардын алдын алууда көнүгүүнү туура аткаруу, кийимдин, бут кийимдердин туура тандалышы, чуркоо, секирүү жана башка үчүн жолдор, аянттар, спорттук атайын шаймандар менен камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

Кайчы стилиндеги узундукка секирүү.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8