Узунтумшуктуу кытай (Mergus serrator), (Linnaeus, 1758):

Mergus serrator (эркек)
эркек & ургаачы
Mergus serrator

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк Америкада жана Евразиянын түндүгүндө жашайт. Республикабызда Ысыккөл ойдуңунда уялайт. Мурда Ысыккөлдөн башка дагы майда көлдөрдө кездешчү. Азыркы мезгилде көлдүн чыгыш бөлүгүндө гана сакталып калган.

Жашаган аймактары түзөтүү

Көлдөрдө уялайт, уясын бадалдардын арасына салат.

Саны түзөтүү

Белгисиз, 10-15 уялоочу жуптан ашпашы мүмкүн. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Май-июнң айларында уялай баштайт. Төшүнөн жулуп алынган тыбыт менен төшөлгөн уясын жээктеги калың өскөн өсүмдүктөрдө жайгаштырат. Уяда 8-10 жумуртка болот. Көпчүлүк учурда бир ургаачы менен жүргөн 20-30 ар түрдүү курактагы балапандардын тобун көрүүгө болот. Мунун себеби түшүнүксүз, ургаачыларынын өлүмү менен байланыштыруу кыйын, анткени мындай кубулуш кеңири тараган. Көпчүлүк узунтумшук кытай алалар Ысыккөлдө кышташы мүмкүн. Майда балыктар жана омурткасыздар менен азыктанат .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Негизинен азык үчүн чумкуганда балык кармоочу торлорго түшүп зыянга учурайт. Жээктеги өсүмдүктөрдү жок кылуу жана тынчсыздандыруучу фактору да таасирин тийгизет.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Багылган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Ысыккөл мамлекеттик коругунда коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жай мезгилинде, балапан чыгаруу маалында Түп булуңунда балыкты тор менен кармоону чектөө. Санын изилдөө жана тараган аймактарда мониторинг уюштуруу.

Статусу түзөтүү

VII категория, Least Concern, LC. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү