Узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт,

Оюнда узун камчы колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар узун камчыны оюн өтүлүүчү жерге узунунан коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден Го—20 м. аралыктан күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишкенден кийин, узунунан коюлган камчыдан секирип өтүүгө аракеттенишет. Камчыдан секирип өтүшкөн оюнчуларга, камчынын узундугун акырындатып узартылат. Секиришип өтө албай калган оюнчулар, оюнду өткөрүшкө жардам беришет. Оюн, оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча өткөрүлөт.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Камчыны керексиз узартууга жана кыскартууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик тарбияланат, узундукка секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү