Узун куйруктуу суубүркүт

Узун куйруктуу суубүркүт (Haliaeetus leucoryphus), (Pallas, 1771)

Haliaeetus leucoryphus

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Каспий деңизинен Байкалга чейин. Кавказда, Орто Азия жана Индияда кыштайт. Кыргызстанда сейрек кездешкен куш.

Саны түзөтүү

Атайын саны эсепке алынган эмес, ошондуктан азыркы убакка чейин так маалымат жок.

Жашаган аймактары түзөтүү

Жекен өскөн көлмөлөр, теректүү-талдуу токойлор жайгашкан дарыялардын жээктери.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Кышында гана келүүчү келгин куш.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо, жашоого жагымдуу жерлерин кыскартуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине киргизилген (1984) . «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрдү соода-сатык кылуу боюнча эларалык конвенциясынын» 2-тиркемесине киргизилген . Кыргызстанда коргоого алынган территориялар жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кыштоочу жерлерин кайтаруу. Массалык маалымат каражаттары аркылуу түрдү сактап калыш үчүн пропаганда жүргүзүү. Колго кармап көбөйтүш үчүн питомник уюштуруу.Кыштаган жерлеринде чыныгы санын далилдеп, жем менен камсыз кылууну уюштуруу. Чектөөчү факторлорду изилдөө.

Статусу түзөтүү

V категория, Vulnerable, VU, C1. Жок болуп бара жаткан түрдүн бири. Дүйнөлүк фаунанын суу бүркүттөрүнүн 8 түрдүн бир түрү жана Кыргызстандын фаунасынын 2 түрдөн бирөө. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү