Узун куйруктуу чымынчы (Terpsiphone paradise), (Linnaeus, 1758):

Terpsiphone paradisi (эркек).
Terpsiphone paradisi (ургаачы).

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда жашайт. Кыргызстанда түрдүн ареалынын чеги чыгыш-түштүктө өтөт. Батыш Тянңшанда, мүмкүн Талас жана Кыргыз тоо кыркаларынын чыгыш жагында кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Жалбырактуу токойлор жана бактар, көлмөлөр жана тоолуу дарыялардын жээктери.

Саны түзөтүү

Республикада белгисиз, бирок ага мүнөздүү жерлерде адаттагыдай эле кездешет. Чектелүү территорияларда да таралган.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Браконңерлик, түргө жагымдуу территориялардын кыскарылышы. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Келгин куш, уялоочу мезгили узакка созулат. Майдын экинчи-үчүнчү декадасында уя салышы башталат. Уясында 2-3 жумуртка.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Тажикстандын Кызыл китебине жазылган. Сарычелек жана Бешарал коруктарынын территориясында коргоого алынган. Республиканын территориясында кармоого тыюу салынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Эл арасына түрдүн уялоочу жерлерин коргоого алуунун зарылчылдыгы жөнүндө пропаганда жүргүзүү. Коргоону күчөтүү, браконңерликке каршы күрөш жүргүзүү. Республикада түрдүн ареалын аныкташ үчүн кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү, санын жана статусун тактап аныктоо.

Статусу түзөтүү

VI, Near Threatened: NT: R.. Кыргызстанда T.p.leucogaster (Swainson, 1838) кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү