Узун куйрук чымынчы
Узун куйрук чымынчы (лат. Terpsiphone) – чымынчы куштар уруусу. Эң кооз куш. Башка канаттуулардан өзүнүн тулку боюнун түзүлүшү жана узун куйругу, кооздугу менен ачык айырмаланып турат. Тянь-Шань тоолорунун батыш кыркаларында өскөн мөмөлүү дарактар жаңгак, ак кайың жана терек токойлорун мекендейт. Бир жылда бир жолу, 4-5 жумуртка тууйт. У. ч. абада учуп жүргөн кош канаттуулар жана канаты кабырчыктуу курт-кумурскалар менен азыктанат. Бул түр саны азайгандыктан, коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебинине катталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4