Уилям Уилки Коллинз (англ. William Wilkie Collins; 1824-жыл 8-январь — 1889-жыл 23-сентябрь) — англиялык роман жазуучу, драматург жана аңгеме жазуучу болгон. Анын көрүнүктүү чыгармалары "Ак көйнөкчөн аял" (англ. The Woman in White, 1859), "Аты жок" (англ. No Name, 1862), Армадейл (англ. Armadale, 1866) жана "Ай таш" (англ. The Moonstone, 1868) болуп саналат. Аты аталган акыркы чыгарма заманап англис тилиндеги алгачкы детектив роман деп эсептелет.

Уилям Коллинз (1874).
Wilkie Collins, 1850

Лондондогу сүрөтчү Уилям Коллинздин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Уилки бала кезинде эле үй-бүлөсү менен Италияда жана Францияда жашап, француз жана италиян тилдерин үйрөнүп алган. Ал чай сатуучунун катчысы катары иштеген. Алгачкы "Антонина" (англ. Antonina) романы 1850-жылы басылып чыккандан кийин ал Чарлз Диккенс менен жолугушуп, Диккенс ага жакын дос, устат жана кызматташ болуп калган. Коллинздин айрым эмгектери адегенде Диккенстин All the Year Round жана Household Words журналдарында жарык көргөн жана алар экөө драма жана көркөм чыгармалар боюнча кызматташып турушкан.

Коллинз өзүнүн белгилүү чыгармаларын 1860-жылдары басып чыгарып, каржылык туруктуулукка жана эл аралык кадыр-баркка жетишкен. Ошол убакта ал каны уюп жабыр тарта баштаган. Оорусу үчүн апийим колдонуп жүрүп ал көз каранды болуп калган. 1870 жана 1880-жылдары анын китептеринин сапаты ден соолугунун начарлашы менен бирге төмөндөй баштаган.

Коллинз үйлөнүү институтуна карата кыйкымчыл мамиледе болуп эч качан үйлөнгөн эмес; ал өз убактысын Кэролин Грэйвс (эки жылдык ажырашууну эске албаганда) менен жарандык никедеги жубайы Марта Рудддун ортосунда бөлүштүргөн. Марта экөөнүн ортосунда үч баласы болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү